9 жаш, тогузунчу жаз. Туура мындан 9 жыл мурун, толгоосу кармап, үйдөн жолдошу жаткырып алып, арча түтөтүп аластап, ооруканага алып барган күн. Ошол күнү жамгыр себелеп, майдын 5инен 6ына карган түнү адатынча ыңаалап, баладай болуп ааламга келгенин жар салбай, тумчугуп,  жарык дүйнөгө бир периште жаралган.

Дарыгерлер чуу түшүп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан наристени аппаратка салып, жутуп алган суусун өпкөсүнөн чыгарып таң атканча алышып, өмүрүн сактап калышкан.  Эртеси, төрөттөн кыйналып, бутун араң сүйрөп, апасы наристенин жанына келди. Бирок дарыгерлер бооруна кысып, наристесин жыттоого уруксат беришпеди. Анткени, мурду барбайып, атасынын оозунан түшкөндөй болгон болпойгон сары кыз аппарат менен дем алып жаткан. Колдорунан кармап, ымыркайдын дем алып жатканына жаратканга шугүр келтирип, алгачкы ууз сүтүн эмдире алабай, саап берип, аны кыйналып жатып дарыгерлер наристеге чоң шприц менен ичиришкен. Алгачкы наристе, алгачкы “эне” деген статуска ээ болгон күн ушундай өттү. Жаш болуп көп элес албай, 25 күн дегенде наристе өз алдынча дем алып дарыгерлер үйгө чыгарды.

Шаардын ортосунда жайгашкан эки киши бата турган чакан батир. Бирок ушул бөлмөнүн ичинде, алгачкы ата-эне болгон жаштар бактылуу эле. Алгачкы күндөрү дарынын күчү менен бырбыйып уктап жаткан ымыркай, түнү ыйлап, эмчек эмбей таң атканча ыйлап чыкчу. Бир жери ооруйбу, курсагы ачкабы? Тили болсо айта турган. Түн уйкусу алмашып калып, эртеден кечке атасы жумуштан келгенче уктайт да, атасы босогодон кирээри менен ыйлап баштайт. Бирок, атасы  менен кобурашат. Кудум өзүнө окшогон наристе менен каректер чагылаша бири-бирин карап калышат. Кээде ушунчалык таң калат. Кыздуу болгонуна ишенбей да кетет.

Буга чейин тың, шаардагы бир радиодо иштеп, тыкылдап таң эрте элдин маанайын көтөрүп, жагымдуу үнү жаңырып турчу жубайы, наристелүү болгондо бир топ жүдөй түштү. Кээде түнү уктабай бала карап чыкканга кечке мас кишидей жүрүп калган. Бир сөздү сураса такыр башка жооп бере турган. Көрсө бул уйкусуз түндөрдүн башталышы эле болгон экен.

Наристе бир жашка чыкканда капилеттен оозунан көбүк чыгып, дем жетпей, денеси көгөрүп, көздөрү менен оозу бат-баттан кыйымылдап бала кыйналып калды. Эмне болгонун түшүнбөй, жаш эне кошуна аялга чуркады. Ал келип эле “судороги” берип жатат деп тез жардамга чалып жатты. Алеки сааттын ичинде чуу түшүп баланы жандандыруу бөлүмүнө алып келишти. Ал жерден баарын сурап, балага ийне сайып уктатышты. Бирок үйүнө жиберген жок. Эртеси башка бөлүмгө которуп ал жерде он күндөй жаткан соң, “кызыңар шал оорусу менен жабыркайт” деп үйгө жиберишти. Жаштар ага деле элес албады. Баягыдай кызын сүйүп, эркелетип, жанынан артык көрүп багып жатышты.

Бирок, бул көрүнүш бат-баттан кайталап, ооруканага ай сайын барып турушчу. Дарыгерлер да таанып калышкан. “Кайра келдиңерби”  деп жылуу тосуп, дарысын берип бир жума карап кайра үйгө жиберишет.

Наристе эки жашка жакындап калды. Бирок, отурбайт, отурмак турсун эмгектеген жок. Сөздүн баарына түшүнөт, өзгөчө атасын жакшы көрөт. Кээде түнү менен уйкусу жок, кыңкыстап апасын кыйнап чыгат. Апа деген байкуш бала үчүн баарына даяр экен да. Ачка болдубу деп, сүт жылытып берип, тердесе кийимин которуп, денесин ушалап, айтор таң атканча ар кандай ыкма менен карап чыгат. Бир ирет жарык өчүп калып, шамдын үлбүрөгөн отуна сүт жылытып берди. Баланын таттуулугун ушундан билсе болот.

Ошентип жүрүп, кудайым экинчи перзентти берди. Аны укканда, оорулуу бала менен азап тартып жүргөн эне “алдырам” деп чыкты. Акыры апасы “алдыргыдай он бала карап жаттың беле, биз бар карашабыз, курсагыңдагы төрөлгөнчө кызың буюрса тыңып калар” деп экинчи баланын өмүрүн сактап калды. Бактыга жараша УЗИге барса “эркек” дешти. Бирок, экинчи бала ааламга келгенче, сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, миң толгонуп, ойлонуп, экинчим да оорулуу болсо кантем деп, кудайга миң жалынып жүрүп, күзүндө экинчи ирет операция (кесарово сечение) менен балканактай уулдуу болушту.  Операцияга кирээрде жолдошуна чалып, кокус мен ойгонбой калсам балдарды жакшы кара деп бышактап ыйлаганы эсинде.

Өзгөчө тунжурап караган кызына боору ачыйт. Жаңыдан операция столуна жатып капталына караса саат туура 14:08 ди көрсөтүп турат, уйкуга кетээрдин астында акыркы көзүнө көрүнгөнү ошол болду. Бир кезде өзүнө келсе, тамагы кургап, чекесинен өзүнө тааныш алакан кармап, “температурасы жок экен, эже эмне тамак алып келем, тоок болуш керекпи, каймакчы жейби, балага сүт болобу дейм да” деген жолдошунун үнүн жазбай таанып, “кетпе, кыз кандай” деп сураганга алы келбеди. Тили күрмөлбөдү. Качан гана түнкү саат 21:00 болгондо палатада жатканын билди. Эшиктен кирген жаш, бирок толук медайым түптүз басып келип, туура кесилген жерден басты. “Ааай” деп кыйкырган бойдон медайымдын колун кармай алды. “Тарт колуңду, кан уюп калат ичиңе уже баары жакшы” деген медайым эки ирет катуу-катуу ичин басып сыртка чыкты.

Өзүнө келип айланасын караса дагы үч келин жатыптыр өзү менен. “Кандайсың, өзүңө келдиңби, аябай тынч уктайт экенсиң?”, – деди туштагы аял. Ооба, бала кезинен ушундай дем алганы билинбей тынч уктай турган. Бир жолу үйгө коноктор келип түнөп калышат. Түнкүсүн коноктордун бой жеткен кызы экөө бир бөлмөгө укташат. Экөөсү кобурашып жатып уктап кетишет. Бир мезгил өзүн карап турган чоң көздөрдөн чоочуп ойгонот. Көрсө, конок кыз түн ичинде ойгонуп, жанында жаткан курбусунун дем алганы билинбейт деп, коркконунан ылдый болуп, анын мурдунан чыккан демди тыңшап жаткан экен…

Палатанын ичи ысыктай сезилди. Турайын десе ордунан жыла албайт. Колдору менен курсагын сыласа бала жок, бирок энеден туума жатыптыр. Обдулуп туруп кийимин кийүүгө дарманы жетпеди. Ошондо да дароо кызы эсине келди. Ыйлаган жок бекен, апам тамак бере алды бекен деген. Бир кезде залдан дарылдап ыйлаган  наристени, ага кошуп дагы эки ымыркайды кучактап улгайган медайым кирди. “Кандайсыңар мамашалар биз ужинге келдик” деп жайдары кирди. Оң колунун астында турган бала бир кыйкырып ыйлайт. Ичинен жаман көрүп койгон. Дал ошол ыйлаган наристени туптуура өзүнө алып келип, үстүндө жабылуу шейшебин ылдый тартып, “сүтүң чыктыбы”деп, үрптөрүн ушалап, саап-саап сары суусун агызды да, “биздин курсак ачты ыйлап сага келдик, тойгуз бизди, жарым саатта келип алып кетем”, – деп чыгып кетти. Ошентип, экинчи наристесин кучактап, чачынан жыттады. Эркек бала чопулдатып эмип кирди. Буга чейин оорулуу бала жарытып деле эме алган эмес экен. Бала эмгенде алтымыш тамыр зыркырап, сүт келгени байкалып, алгачкы бала эмизген такыр башка сезим экенин туйду… Ошондо гана дени сак бала төрөгөнүнө ынанып жаш келиндин көзүнөн жашы ылдый акты. Бирок ою дале кызында. Билсе кана кызын деле ушинтип, кесарево менен төрөбөйт беле….

Ошентип, төрөт үйүнөн чыгып үйүнө келди, келип эле кызын кучактады. Эми үйдө эки баланын үнү чыгып, үй ичи толо түштү. Бирок, эгиз бала баккандай эле болду. Кызы дагы деле тунжурап карап, түнү кыңкыстап баягыдай эле. Күн өткөн сайын эркек бала торолуп, эмгектеп баштады. Кыз баягысындай эле талмасы кармап ооруп калат. Аны менен ооруканага жатып калганда, жолдошу кечинде жумуштан чыгып баласын алып келип эмиздирип кетет.

Пендеси, жараткан эгем башыңа кандай күн салбасын көтөрөт экенсиң. Эркек бала бирге чыгып чыкпай 11 айында алгачкы кадамын шилтеп, өтө шок бала болду. А байкуш кыз  ошол эле бойдон, боюнун өскөнү болбосо дагы эле ымыркайдай. Упчу менен сүт ичет, апасы тосот, тамагын берет. Дарынын түрүн ичет.

Эркек баланы көрүп, дени сак бала башкача болоорун байкаган келин, жолдошуна айтып кызды каратып баштады. Молдо, табып,  жаңы чыккан дарынын түрү, профессор, академик баарына каратты. Акыры, өзүнүн кесиби журналист болгон соң, интернетти түрө издеп ДЦП деген илдетти  ийне жибине чейин изилдеп чыкты. Бул кезде кыз 4 жашка келип калган. Ал арада тууган урук, кайын журт тараптан ар кандай кептер айтылып, жада калса бир туугандар арасынан  “кызды интернатка бер, кыйналбай келечегиңди ойло, дагы төрөйсүң” дегендер чыкты. Бирок, жаш келин багынбады да алган багытынан кайтпады. Турмуш баары бир тараза ташын тайдырып, үстөмдүгүн көргөзүп, жолдошу менен эки ажырым жолго да салып көрдү.

Айылда ата-эненин колунда эки бала менен жүргөн күндөр, ата-эненин колдоосу баарынан да башкача экен. Алар көкүрөк күчүгүнө кудай ушундай сыноо берип, оорукчан бала багып жатканын карап туруп каңырыгы түтөп, байкатпай багышып жатышты. Кээде небересинин талмасы кармап калганда түнкү 3-4 болсо да карды кечип, пайгамбар жаштагы атасы, чапанын жамынып тез жардамды тосуп алып, кызына кайрат айтып, колдоп гана турат.

Башка салган сыноо менен алышып жүрүп, кыз 5ке келип калганда, кокусунан интернеттен кытайлык дарыгерлер келет экен дегенди көрүп калды. Дароо уюштурган кызга чалып, жазылып койду. Бирок, алардын карай турган суммасы аз каражат эмес болчу. Кыргыздын бир жакшы адаты бар, бирге окуган досторуң же туугандарың дал ушундай кыйналып турган кезде жардам колун созо койгон.

Мектепти бүтүп, шаарга келип, тээ илгертеден, мен телевизордон сүйлөйм деп жүргөн тилегин ишке ашырып  Улуттук Университеттин журналистика факультетин бүтүргөн. Бүгүн да башка күн түшүп турганда, дал ошол 5 жыл бирге окуган группалаш курсташтары каражат чогултуп беришкен. Анан баягы эле, артында аска зоосу, ата-энеси, тууган-урук каражат берип, кытайлык дарыгерлердин эки айлык курсунан өттү.

Алар Бишкекке учуп келишкенде, алар турган дарекке баруу үчүн шаардын бир бурчунан бир бурчуна эки маршрут которот. Аз келгенсип, эрте менен сеанска баруу керек болгондуктан, таң эрте элдин баары жумушка, окууга жөнөп, маршруттун ичи жык-жыйма эл болот. Бою узун шалактаган кызды көтөрүп чыкканда баары таң кала карай турган. Бир ирет бир эже, “Кызым, кызыңды эркелетип көтөрүп албай, бастырып албайсыңбы” дегени да эсинде. Андай кезде жаш келин, күлүп гана тим боло турган. Ичинде, ошол басса кана, менин да тилегим ошол, жок дегенде “апа” деп  эле айтсачы дей турган.  Өзгөчө кыз уктаганда кудум дени-сак баладай көрүнөт. Туруп эле чуркап, “апа” деп эркелеп мойнуна асыла кетчүдөй элестете берет. Ушул ойлор менен алышып баратып, түшө турган аялдамага келип калганын көрүп астыга жылды. Маршруттан түшүп баратып кокусунан кыздын башы эшиктин кырына тийип кетти. Эне жүрөгү “зыр” дей түштү да кызынан биринчи өзүнүн көзүнөн жаш куюлду. Аялдамага отура калып кызын кучактап, аппагым катуу тийген жокпу деп өпкүлөп кирди. Эшиктин кыры жумшак тиймек беле, болгондо да темир деп, өзүн-өзү тилдеп эне-баланын көзү жашылданып турду. Буларды карап турган эже  басып келип, “кызым баары жакшыбы”  деп сурады. Жакшы эже, баары жакшы деп көзүнөн жашын сүртүп, экинчи маршрутту карап калды. Ошол кезде, жолдун аркы бетинен өзүнө тааныш машинени көрдү. Ооба бул кайнагасынын машинеси, ал азыр шаарда иштеп жатат. Бир кезде ушул унаа менен кызын ташып жүрбөдү беле талмасы кармаганда. Ал жаш келинди байкаган жок, анткени каршы тарапка кетип жаткан экен. Жол чырактын жашылы жанды да машине зуулдаган бойдон кетип жатты. Артынан узата карап, оор үшкурүп, кызын бооруна кысып, тагдырга нааразы боло, ушинтип сени кыйнабай, атаң келип карашса эмне болот эле, акыры ошолордун канысың го деп, кобуранып алды.

Дал ошол дарыланууда, акыркы ирет кыздын талмасы кармап, тез жардам келгенче туура 3 саатка созулду. Ошондо жаш келиндин үмүтү өчүп кызы менен коштошо баштаган. Бирок, кудайым өмүр берсе, пендеси жашай берет экен. Тез жардам келип Кара-Балтанын ооруканасына алып барышты, аларды таанып калышкан, анткени төркүнгө келгенде, наристенин оруусу кармаган кезде аларга да көп ирет келишкен. “Келгиле деп жылуу тосуп” баягы ийнелерин сайып уктатып беришкен кызды.

Адам канчалык кыйынчылык көргөн сайын чыңалып, чөкпөшү керек экен. Бир чети журналисттик кесиптин ушул учурда бир жардамы тийди. Эл менен аралашып, эл алдында жүргөн адамга үйдө отуруп калуу, оорукчан бала багуу оңойго турган жок. Жүрөктөгү каалоо күч болуп, иштесем деген кыялы акырындан ишке аша баштады. Бир күнү чай үстүндө ата-энеси, “кызым жумуш карай берсең кантет, кызыңды биз күндүз эптеп тойгозуп карайбыз, түнү өзүң келесиң, билесиң сен жок уктабайт” дешти. Ошол күндөн тартып жумуш караштырып жатты. Азыр тааныш-билиш болбосо жумушка кириш да кыйын. Ишке жараган баягы эле чогуу окуган курсташтары болду. Өздөрү иштеген жерге чакырып, эки группалашы чогулуп бир редакцияда иш баштаган экен, ошолор жумушка  алышты. Ошондо да, кокус кызым ооруп калса, ооруканага жатып калуум мүмкүн деп ойлоп, бирок, кызым сен оорубайсың, ооруп бүттүң, эми жакшы күндөрдү көрөбүз, сен чоң кыз болдуң деп кызы менен сүйлөшө турган. Айтат эмеспи пенденин оозундагы, кудайдын кулагында деп. Тилекти ойду жакшы кылсаң жашооң да өзгөрөт экен.

Ошентип күн сайын таң эрте туруп Кара-Балтадан–Бишкекке каттап иштеп жүрдү. Жумушка барганда айрымдар чарчадым десе таң калчу. Анткени өзү иштеген сайын эс алып, эргүү ала турган. Күндөр өтүп, жумушума жакын болсун деп шаарга көчүп келди. Бул мезгилде кыз 6га баласы 4кө чыгып калган. Экөөн тең жеке менчик бакчага берди. Кызды албетте атайын оорукчан балдарды караган бакчага берди. Ал жерден кыз кадимкидей өзгөрө баштады. Анткени айланасы бүт өзүндөй  болгон кыздар балдар. Аларды карап жүрөгүң ооруйт. Кээде ойлоп калчу, балким бул күнөөсү жок наристелер  өздөрүнүн тилинде баарлашар чыгар деп. Ошондой күндөрдүн биринде, жолдошу чалып сүйлөшүп калды. Ал буга чейин эле чала турган, бирок түн ичинде күн алыс чалып турчу, бирок ал чалуулар жоопсуз калчу. Балким башкага баш кошсо, дени-сак бала төрөп берээр деген ой жашачу. Чынында чын дилден жакшы көргөн адам гана ушундай ойлоп, түгөйүнө жакшылык, бакыт кааласа керек. Балким, дени-сак бала төрөп бербедим деген ойдон уламбы, айтор, күн өткөн сайын анын башка менен баш кошуусуна өзүн  психологиялык жактан даярдап жаткан. Бирок, ортодо балдар болгон соң, баласын алып кетип кийинтип, карашып турчу. Оорукчан деген менен кыз баарын сезип, атасын жакшы көрөт. Ал чалганда, күлүп, бир нерселерди үн чыгарып айта турган. Балдар акыры экөөнү элдештирди. Чынында кыз 7ге чыкканда жуунтуу кыйынга туруп, көтөрүүгө оор болуп калган. Ошентип, кичинекей мамлекет кайрадан түптөлүп, атасы келгенге балдардын кубанычында чек жок эле.  Анын үстүнө азыркы балдар да кыйла  кыйын, бакчадан бир бала “эмнеге сени дайыма апаң алып келип, алып кетет, атаң кайда” деп сураптыр. Бала ошол замат атам Казакстанда, келгенде сага келип көрсөтөм дептир. Кызык баланын оюна Казакстан деген кайдан келди.  Атасы чалганда дал ошолорду айтып калчу.

Азыр болсо 1-класстын босогосун аттап, сабактан өткөндөрүн эжекесине үйрөтүп калат. Бул “А” тамгасы айт, оозуңду кечке ача бересиңби, айт “Аааа” десең деп үйрөтүп калат. Мындай кезде келин ушуну төрөп алганым жакшы болуптур, кудайдын бергенине шүгүр деп калат. Бирок, бала деген бала да, бир ирет, сүрөт сабагынан эжекеси, үй-бүлөңөрдүн сүрөтүн тартып келгиле деген тапшырма бериптир. Кечинде тапшырма  аткарып жатып, альбомуна атасын тартып ага колун карматып өзүн, чачын узун кылып апасын тартып, эжекесине келгенде ойлонуп туруп, апасына кайрылды “апа эжекем баспайт да, кантип тартам, жаткырып коеюнбу” деди. Бир азга ойлоно калган келин, “жок балам, менин колумду карматып тарта бер, жок дегенде эжекең сүрөттө бассын да” деген…

Жылдар өтө берет экен, кыш келсе жазында басат, жазында болсо күзүндө басат деп жүрүп, 9-жазды каршы алды. Кудай жалгап үч жылдан бери талмасы кармабай жок дегенде басып же сүйлөбөсө  да эпилепсияны жеңди окшойт… Эң башкысы, сенин дем, алып, көңүл оорутпай күлүп турганыңдын өзү ЧОҢ бакыт. Мейли сенден бүт аалам жүзүн бурсун, мейли башкалар кандай ойлоп не десе да бир нерсени бил кызым, мен дайыма сенин мененмин! Сенин канатым астында турганың мага чоң кубат. Жашоодо сынып калып, чөгүп кетип өзүңдү жоготуп ийбей калуунун сыры, кудайым кандай сыноо бербесин аны түшүнүп ошондой кабыл алууда экен. Ал эми себебин издеп, күнөө кимде деп түйшөлгөн сайын түйшүгүң арта берет тура….

 

 

Журналист Назбүбү Кушназарова

 

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.