Бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Замирбек Бөжөнов, атаандашы Улан Примов мыйзам бузса дагы шайлоодон четтетилбей жатканына нааразы. Өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

«Примов маселесин Президент өз көзөмөлүнө алуусу кажет

Мен талапкер У.Примовдун үстүнөн бир да арыз жазбадым. Бирок кимдир бирөөлөр тарабынан жазылган арыздын мазмунундагы фактылар У. Примовду депутаттык жарыштан четтеткенге жетишээрлик негиз бар экен эле. Болгону эскертүү берилиптир. Эл алдында кашкайып көрүнүп турган чындыкты этек менен жапкандай болуптур. Айлабыз канча, Примовдун эбегейсиз байлыгына Оштун укук коргоо органдары туруштук бералбады окшойт деп шекшип кала беребиз.

Президенттин таза шайлоо өткөзүү ниетине ишенип жолго чыкканбыз, дагы да ишеним оту өчө элек. Бул ишти Президент өз көзөмөлүнө албаса, башкаларына үмүт деле жок»-дейт ал.

Талапкердин жазган кайрылуусуна Улан Примовдун жактоочусу,  «Ош Пирим» телеканалынын жетекчиси Абай Нур Кылычбеков жооп кайтарып, Бөжөнов студенттердин 2000 доллар доля алганы жана административдик ресурсту колдонуп жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айтып, каяша кылды.