ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери  Токтогул РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен  биргеликте  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, республиканын түштүк аймагынан баңгизаттарды ташуу жолун уюштургандарды аныкташты.

2021-жылдын 14-октябрында түнкү саат 02:00до Токтогул шаарындагы Бишкек –Ош унаа жолунда  атайын тергөө амалдарын жүргүзүлүп,  1997-жылы туулган жаран Д.у.И. башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде   1996-жылы туулган Т.у.Э. дагы  болгон.

Жогорудагы транспорт каражатына тинтүү жүргүзүлүп, багажынан кара түстөгү спорттук сумка табылган. Анын ичинде скотч менен оролгон 15 таңгакталган өзгөчө жыты бар  кара-күрөң түстөгү зат табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат  жалпы салмагы 7 килограмм 491 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болуп чыкты.

Азыркы учурда кармалган жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул баңги кылмышына тиешелүү башка жарандарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы