Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков 2020-жылы бир топ азыктардын баасынын көтөрүлүшү биржалык товарлардын, тышкы фактордун жана ички рыноктун таасири себеп болгонун айтат. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

“Учурда ундун биринчи сортунун баасы бир килограммы үчүн 35-36 сом, өткөн айга салыштырмалуу баа туруктуу. Себеби ун багытындагы ассоциациялар, Экономика министрлиги жана Айыл чарба министрлиги болуп келишим түзгөнбүз. Ал жерде бааларды көтөрбөй туруу каралган. Азыр сырттан алып келгенде салык төлөөдөн бошотулган. Ал эми бөлкө нан 47-48 сом, кумшекер бир кг — 68, өсүмдүк майы — 155, эттин бир кг — 470-480 сомдун тегереги. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жума сайын бааларга мониторинг жүргүзүп келүүдө. Баалар туруктуу бойдон калууда”, — дейт ал.

Тайлаков жасалма баа көтөрүү боюнча жыл башынан бери 292 учур катталганын белгиледи.

“Алардын ичинен 56 учурунда айып пул салынды. Калган учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы ушул багытта иштеген 1 миң 967 субъект менен жолугушуу өткөрдүк”, — деди аталган агенттиктин директору.

Булак. Кабар кж