Мындай билдирүүнү Фейсбук колдонуучусу Ernis Nurdin аттуу ник менен катталаган жаран жазып чыкты.

Анын айтымында, Ош областында бир мандаттуу үч округунун үч талапкери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жаманып, элге жаман көрсөтүүдө.

«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

УКМКнын башчысына туура маалыматты биз беребиз.

Күндө эл арасындабыз.

Ош областында бир мандаттуу үч округунун үч талапкери сиздин атыңызды жамынып, элге жаман көрсөтүп бүттү.

Булардын аркасында Ташиев бар экен деп, сизге болгон элдин сүйүүсү муздап баратат.

Ушул үч талапкер сизге эки дүйнөдө тирөөч болуп бербейт.

Булар сизди там айланганча сатат.

Сатып келишкен.

Ташиев деген атыңыздын таза калуусун кааласаңыз, ушул үч талапкерге коомчулук алдында чара көрүңүз.

Булар мамлекетке, элге берген жардамын келекелеп, Кудайдан кийинки болуп алышыптыр.

Президент Жапаров экөөңүздөр башында турган бийлик бизге эмес, эл шайлаган сиздерге керек.

Элге тынчтык, биримдик гана керек.

Элдин биримдигин жеке кызыкчылыгын бийик койгондор бузат.

Күнөөнүн баары ушул эски жүздөрдө.

Бүгүнкү шайлоонун нааразычылыгы да ушулар катышкан округдан башталып жатат.

Урматтуу Камчыбек Кыдрышаевич!

Коррупцияга каршы күрөштү аеосуз жүргүзүп жатканыңызды көрүп, сизди карапайым эл өзү коргоп алганга кетмен-күрөгү даяр.

Биз сизге бурмаланбаган жөнөкөй чындыкты гана айтабыз.

Булар сүйлөй берет деп, сизге жеткен мойну жоон маалыматты четке кагыңыз», — деп жазган ал.