Бишкекте эски газ өткөргүчтөгү сызылып чыккан газды токтотуу максатында шаардын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, компания Бишкек шаарынын Осмонкул-Древесная дарегинде жайгашкан, 2019-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотоорун маалымдайт.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу, төмөнкү райондордо газ өчүрүлөт:

— Аламүдүн айылында, кийинки көчөлөрүндүн кесилишкен аймагында: ЧЧК – Жогорку Ат-Башы каналы – Дачный чакан көчөсү – Алма-Ата – Гидрокурулушчулар – Айыл – Курманалиев – Биринчи май – Логвиненко – Кыргыз – Айланып өтүүчү жол – Ала-Арча дарыясы – Бухара – Завод чакан көчөсү – Коллективная – Кырк-Чоро;

— Төмөнкү Ала-Арча айылы, Красный строитель, Кайынды, Эне-Сай, Керамика, Чалбай жаңы конуштары;

— өндүрүш ишканалары: «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликовский торт», завод «Сантех Заготовок», Элебесов көч., 211 (Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы).

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана аталган убакыт аралыгында тамак-аш жасоонун алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.