Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга өстү. Бул тууралуу тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Айжара Мамоева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мында экспорттук жөнөтүүлөр 22,5 пайызга азайып, импорттук келип түшүүлөр 43,6 пайызга жогорулаган.

«Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасы 2021-жылдын январь-сентябрында 2,4 млрд долларды түзүп, 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 29%га өстү. Экспорттук жөнөтүүлөр 32,2%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр 28,1%га көбөйдү. Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-сентябрында Россияга (64,3%) жана Казакстанга (33,3%) туура келди», — деди ал.