Ушул жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 556 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДП 1,6%га өскөндүгү такталды.

«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП 506 млрд сомдон ашыкты түзүп, 4,1%га өстү», — деп айтылат статистикалык бөлүмдүн маалыматында.

Кошумчалай кетсек, ИДП бир айда 71 млрд сомго же 14,63%га өскөн (2021-жылдын январь-сентябрь айларында 485 млрд сомду түзгөн).