Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу пландоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, учурда аскер кызматкерлери бир ай кызмат өтөсө, анда алардын маянасы кызмат өтөгөн жерине карабастан бир жарым ай катары төлөнөт. Кооптуу аймактарда кызмат өтөгөндүгү үчүн кошумча 1000 сом төлөнөт.

“Министрлер кабинетине аскер кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсеге көтөрүү боюнча сунуш киргиздик. Мындан тышкары, өзгөчө шарттарда кызмат өтөгөндөргө эмгек акысынын 30% өлчөмүндө кошумча каражат берүү каралууда”, — деди ал.