Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы  кабарлады.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жылуу учурашып, аны Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Ал анын жетекчилиги астында өлкө мындан ары да мамлекеттик өнүгүүдө маанилүү ийгиликтерге жетишерине ишеним артты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан боордош Өзбекстан менен эки элдин кызыкчылыгын көздөгөн ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жогорку потенциалын колдоо жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары комплекстүү өнүктүрүү максатында өзбек кесиптешин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташуусун, анын ичинде соода-экономикалык багытта өнүктүрүүдө чоң дараметке ээ экендигин билдирди. Анын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, Өзбекстандын лидери каржылык уюмдун ишмердүүлүгүн өстүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Ошондой эле, ал жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын ишке ашуусунун жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алганын билдирди. Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери биргелешкен күн тартибиндеги бардык багыттар боюнча активдүү жана жемиштүү диалогду улантууга даярдыгын билдиришти.