Лейлектеги эң жаш талапкер өзүнө карата каралоолор, бут тосуулар болуп жатканын айтып чыкты.

№1 Лейлек шайлоо округунан депутаттыкка аттанган эң жаш талапкерлер өзүнө карата негизсиз каралоолор болуп жатканын айтып, бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылганын билдирди.

“Шайлоого катышып жаткан ар бир талапкер жана анын командасы мыйзам алкагынан чыкпай, башка атаандаштарын негизсиз каралабай иш алып барышса. Башкаларды каралоо менен алектенгенче, өзүнүн талапкер катары программасын элге жеткиликтүү тааныштырып алганы алдаканча пайдалуу болот. Үгүт иштери башталганына бир жума болуп-болбой жатып эле социалдык түйүндөрдө “фейк-аккаунттар” аркылуу менин жана менин жакын адамдарымдын дарегине ашкере каралоо жасагандар пайда болду. Аларга көңүл бөлбөй, өздөрү эле акылдарына келер деп күттүм. Бирок, алар улам күн өткөн сайын күчөп баратышат. Ошондон улам ал “фейк-аккаунттарды” кимдер, эмне максатта колдонуп жатышканын иликтөө үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылдык. Алардын негизсиз жасап жаткан каралоолорун да тизмектеп койдук. Эми аларды табуу жана мыйзам алкагында жоопкерчилигин кароо укук коргоо органдарынын иши.

Саясий күрөш таза, мыйзамдуу жол менен гана кетиши керек. Өз күчүнө ишенбеген адам гана атаандаштарын каралоо менен алек болот деп ойлойм. Мен бир мандаттуу №1 Лейлек шайлоо округунан аттанган талапкерлердин арасынан жаш курагы боюнча эң кичүүсүмүн. Балким, жаш талапкер катары бат эле сындырып коелу деген ойду алып жүргөндөр болсо керек. Бирок, ал жаңылыш ой. Мен таза жана мыйзамдуу жол менен жеңишке жетүү жана шайлоочуларымдын үмүттөрүн актоо ниетимден кайтпайм”, — дейт ал.