2021-жылдын 12-ноябрында ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана айрым бир шаардык-райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйында үч маселе каралды: ички иштер органдарынын 2021-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, баңгизаттарга каршы күрөшүү чаралары жөнүндө, жарандардын ички иштер органдарына кайрылган даттанууларын кароо, чечүү жана көзөмөлгө алуу ишмердиги.

Коллегиянын отурумунда негизги баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов чыгып, республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү  боюнча маалымат берди.

“Негизинен 9 айда Ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар алгылыктуу иштер аткарылганын баса белгилеп кетким келет. Алдыда дагы Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча алдыбызда башкы тапшырма турат. ИИОнун кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди аткарып, массалык башаламандыктарга, коомдук жайларда оор жана өтө оор кылмыштарга, одоно укук бузууларга жол бербейт деп ишенимдүү түрдө айта алам”,-деп билдирди баяндамасында Адылбек Бийбосунов.

Коллегиянын жүрүшүндө өлкөнүн кооптуу деп эсептелген участокторуна 230 даана видеокамералар орнотулуп, ишке киргизилгенин, анын ичинен 108 видеокамера Санариптештирилген командалык борборуна туташтырылып, азыркы күндө ал видеокамералар кылмыштардын бетин ачууда чоң салымдарды кошуп жатканы маалымдалды.

Автоунаалар менен камсыздоодо элдин чакырууларына ыкчам чыгып, жардамга муктаж болгон бардык жарандарга ыкчам түрдө жеринде жардам көрсөтүп, укук бузууларды алдын алып, кылмыштуулуктун бардык түрүнө бөгөт коюу үчүн жер-жердеги ички иштер органдарына жалпы 64 даана унаа таратылып берилди. Ошондой эле туристтик багытта коомдук тартипти сактоо багытында күжүрмөн ишмердикти камсыздоо максатында заманбап 41 даана электроскутерлер менен камсыздалды.

2021-жылдын башынан баштап ички иштер органдарын чыңдоо багытында оптимизациялоо иштери жүргүзүлдү. Тактап көрсөткөндө, Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынан 370 даана штаттык бирдиктер кыскартылып (анын ичинен, жетекчилик курамдан 36 бирдик) жер-жердеги ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоо максатында өткөрүлүп берилди.

Жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан   жол кырсыктары өстү. Жалпысынан   тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, андан 587 адам каза болуп, 8298 жаран ар кандай дене жаракаттарын алышкан. Бирок ошого карабастан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган иш- чараларды тынымсыз күчөтүү керек экендиги баса  белгиленди.

2021-жылдын 9 айында республика боюнча жалпы укук коргоо органдары тарабынан 121.659 кылмыш жана жорук катталган. Алардын ичинде 117.087  кылмыш жана жорук ички иштер органдарында катталган. Бул өлкө боюнча катталган кылмыштардын жалпы санынан 96,2% түзөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында 66274 кылмыш жана  50813  жорук катталган жана катталган кылмыш менен жоруктардын  бетин ачуу 63,6%түздү.

2021-жылдын 9 айында баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 777  фактыны түздү. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 т 123 кг 684 гр баңгизаттары, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор алынды. Россиянын жана Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары менен ири масштабдагы атайын операциялар өткөрүлүп, анын натыйжасында, Россия Федерациясынын аймагынан 46 кг 476 гр гашиш, ал эми Казакстандын аймагынан  7 кг 700 г апийим, 1кг. 100 гр гашиш алынган.

Кыргыз Республикасынын аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында 3213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3023 гектар жер изилденди жана анын ичинен 250,7 гектарда өсүп жаткан кара куурай орулуп алынып, салмагы  187 т 675 кг кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды.

Коллегия борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги облустук жана шаардык башкармалыктардын башчыларынын жетекчилик уюштуруучулук-иштеринин өз деңгээлинде уюштурулбагандыгы, белгиленген иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукту алдын алуу багытында милицияга жүктөлгөн милдеттер боюнча мамлекеттин жана элдин алдында ички иштер органдарынын тиешелүү бардык жетекчилери жооптуу экендиги да айтылды.

ИИМдин коллегиясынын отурумунда Улан Ниязбеков  республиканын ички иштер органдарынын  2021-жылдын 9 айында аткарган  ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жыйынтыктап жатып төмөндөгүлөргө өзгөчө басым жасады.

“Бүгүн, биз тогуз айда аткарган ыкчам-кызматтык ишмердик боюнча жыйынтык чыгарып жатабыз. Жалпысынан караганда тогуз айда бир катар жакшы иштер аткарылды, аны менен бирге айрым учурларда кемчиликтер да орун алды.

Бирок, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн борбордук аппараттагы жана жер-жердеги жетекчилер орун алган кемчиликтерди жоюп, ушул жылды ийгиликтүү жабууга арналган системдүү ишмердик алып барышы керек.

Ошондуктан, жардам сурап кайрылган ар бир жаранга жеринде сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу — ар бир жетекчинин приоритеттүү багыты экендигин эсиңиздерге жакшылап түйүп алыңыздар. Анткени мамлекет алдында, эл алдында аткара турган бир катар милдеттүү жана жооптуу тапшырмалар бар.

Алардын эң негизгиси – элдин коопсуздугун камсыздап, жарандардын укуктарын коргоп, мыйзамдуулукту сактоо болуп эсептелет.

Мындан ары, элдин милицияга тиешелүү маселеси өз убагында чечилбей, жарандардын арыз-даттануулары создуктурулуп каралбай, элдин жогорку инстанцияларга жана Ички иштер министрлигине кайрылган учурлары орун ала турган болсо, анда ошол жердеги ички иштер бөлүмүнүн жана ошол аймакка жооп берген ички иштер башкармалыгынын жетекчиси иштебей жатат деп кабыл алам.

Элди коргоп, маселесин ыкчам чечип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен бирге коомго сервистик тейлөө көрсөтүүнү жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча эски ишмердик менен эмес, санариптешкен заманбап жаңы ыкмалар менен иш алып барууга жакынкы арада толугу менен өтөбүз деген ниетим бар.

Өлкөбүздөгү саясий жаңылануу мезгилинде, экономикалык багыттар кайрадан каралып, өнүгүү жолу бир нукка түшүп жаткан маалда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытында милициянын аткарып жаткан иштери чоң мааниге ээ экендигин урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров баса белгилеп өткөндүгүн жакшы билесиздер.

Андыктан, учурда жүрүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштери учурунда жана шайлоо мезгилинде ар бир кызматкерден баштап, жетекчиге чейин жогорку жоопкерчилик менен иш алып барып, тапшырмаларды так аткарууга милдеттүү.

Шайлоодо ар түрдүү мыйзам бузуучулуктарга аралашпай, саясатка кийлигишпей өз компетенцияңардагы иштерди гана аткаргыла. Бир эле кызматкердин тигил же бул мыйзамсыз кыймыл-аракети, бүтүндөй милицияны уятка калтырып коюшу мүмкүн.

Ар бир жетекчи кол алдыңардагы кызматкерлерге катуу көңүл буруп, жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга чакырам.

Пандемия шартынан жаңыдан баш көтөрүп, социалдык-экономикалык абалы акырындыктан турукташып келе жаткан жөнөкөй элдин нааразычылыгы болбошу керек.

Элден сын-пикир эмес, алкыш алган жагдайларды түзүү үчүн биринчи жетекчилер күнү-түнү иш алып барышы зарыл.

Аткарып жаткан жакшы иштерди коомго ачык көрсөтүп, милициянын ишмердигинин негизги уңгусу – элдин коопсуз жашоосу баарынан жогору тургандыгын коомго жеткирүүнү ыйык милдет катары кабыл алыңыздар деп буйрук берем.

Кыргыз милициясынын тарыхында жакынкы аралыкта дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга бел байлап турабыз.

Себеби, өзүңүздөргө маалым болгондой жакынкы арада Түштүк Корея, Турция жана Европа өлкөлөрүнө иш-сапар менен барып, анын алкагында бир катар Ички иштер министрликтердин, полициялардын жетекчилери жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу жемиштүү макулдашууларга жетишип келдик.

Эң негизгиси 21-кылымда жарык көргөн заманбап техникаларды колдонуудан артта калбай, элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, “Коопсуз мамлекет” шартын түзүүгө жетишебиз деген ишенимдемин”, -деди ИИМ башчысы.

Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жетекчилердин ишмердүүлүгү жыл жыйынтыгы менен карала тургандыгы белгиленди.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы