Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору  Акпай Сарыбаев Саламаттык сактоо министрлигинин койгон күнөөсүнө макул эмес. Бул тууралуу 24.кж телеканалына билдирди.

Айта кетсек, Министрликтин маалыматы боюнча УКТБда каржылык катачылыктар болгон. Индия фондунан 3 млн. доллар коротулган. А жабдыктар жок. Ковид оорулары  үчүн иштей турган эки бөлүм Индия жана Япон проектери үчүн жабылган.

Акпай Сарыбаевдин сөзүндө 2008-жылы Өкмөттөр арасындагы келишим боюнча Кыргыз-индия тоо биомедициналык борбору түзүлгөн. Түзүүчү болуп эки мекеме  катталган – УКТБ жана Индия коргоо минстерствосунун жылып жүрүү боюнча илим изилдөө ишканасы.  2021-жылы ал Борбор ачылган. Өкмөттөр аралык келишимге ылайык УКТБ Саламаттык сактоо министерствосунун жана Мамлекеттик мүлк фондунун макулдугу менен Кыргыз-Индия тоо биомедицина борборуна жай берилген. “Биз жай гана бердик, ал эми жабдыктарга, колдонуучу материалдарга, илим изилдөө иштерине, унаа, иш сапары жана башка чыгашалар толугу менен Индия тараптан каржыланды. Борбор үчүн биздин поликлинакадан 5-кабат берилди. Кеңеш доорунда ал кабатта  виварий болуп, жаныбарлар кармалган. Ал эми кеңеш доору кулагандан кийин жаныбарларды кармоого каражат жетпей калды. Кабат каралбай калып, жарымы өрткө да кабылды. Проектин жардамы менен аны толугу менен калыбына келтирдик” деп айтты Акпай Сарыбаев.

Проектин экинчи фазасын 2015-жылы бүтүрдүк. Анын ачылышына эки премьер министр – Наренда Моди и Темир Сариевдер катышты.

“Алар иштин жыйынтыгына ыраазы болушту жана илим изилдөөнүн экинчи фазасына өтүүнү чечишти. Изилдөөнү алгач Төө – Ашуу ашуусунда өткөрүп, ал жерде да бир иштен чыгып калган имарат калыбына келтирилди. Андан кийин Сөөк- Ашуу ашуусунда (Кумтөрдөн 26 км) 40 киши оруну жана жабдыктар менен илим –изилдөө база курулду. Кийин пандемия башталып кетти. 2016-жылдан 2019-жылга чейин ал жерде изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

2022-жылдын апрель айында изилдөөнүн үчүнчү этабын баштоо мерчемделүүдө. Изилдөөнүн жыйынтыгында 30дан ашык илимий макала  эл аралык барктуу журналдарда жарык көрдү. Эгер жыйынтык болбосо Индия тарап каржылоону токтотмок” деп кошумчалады УКТБ директору.

2010-жылдын баштап жабдыктарга, экспедиция иштерине, бийик тоолуу станция курууга үч миллионго жакын каражат сарпталды.(162.5 млн сомдон көбүрөөк) Анын ичинен 36 млн сом курулуш жана ремонт иштерине сарпталды. Илим изилдөө  жабдыктарына – 110 млн сом кетти. Офис эмеректери жана жабдыктарга -3.3 млн сом, реактив, медико-биологиялык буюмдарга, чыгымдалуучу материалдарга 3.3 млн жакын каражат колдонулду. Иш сапары жана экспедиция иштерине 2.3 млн сом. Материалдык эмес активдерге (программалык камсыздоолор ж.б) 500 миң сомдон ашык кетти. Ошол эле суммадан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Саламаттык сактоо министерствосуна 70 млн сом жардам көрсөтүлдү. Ал жардамга 2013 –жылы 64-сайлуу компьютердик томография УКТБ орнотулуп, анын жардамында антикардиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, ошол 7 жыл ичинде 70 млн. сом бюджетке киреше келтирди.

Ал эми ковид бөлүмүн айтсак, ал такыр башка имаратта жайгашкан. Ал бөлүмдө 1 жыл ичинде жүздөгөн адамдар сакайды. Жакында гана “кызыл тилкени” оруунун азайганынан жабышты.

“Бардык жабдыктар өз ордунда, бардык төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок, комиссия аны карап да койгон жок. Өздөрүнө  гана керектүү ар кандай материалдарды сууруп чыкты. Алгачкы документтерди карап да койгон жок. Министр айткан япон гранты менен бөлүм деги болгон эмес. Саламаттык сактоо министерствосунун аудитине каршы болгон  пикирими Өкмөткө жөнөттүм. Бизде Эсеп палатасы да иштеди. Министр айткан жетишсиздиктерди тапкан жок. Аудиттер өкмөт аралык келишимдерди карады жана анда бюджеттик каражат жок экенине ынанды. Айтмакчы, ковид боюнча да текшеришип, Сааламаттык сактоо министрлиги бизге 11 млн сом чыгашаны толтуруусу керек экенин жазын кетишти. Себеби, башка орууларды дарылоого арналган акчадан  короновирус бейтаптарын айыктырууга жумшадык. Бул суроо 2020-жылдан бери келе жатат- деди Акпай Сарыбаев.

“Япон борборун мында айтуу мага такыр түшүнүксүз. Япон-кыргыз борборуна  жай берүү жөнүндө такыр кеп болбогон жана жай берилбеген. Тескерисинче, ошол япон гранты менен 2022-жылы апрел-май айларында биздин аракет менен Жогорку Кеңеш ратификацияланган, Президиент кол койгон, Өкмөттөр  аралык келишимдин негизинде УКТБ да магниттик ренгенаппарат, экокардиография жана Улуттук госпиталга компьютердик томография орнотуу мерчемделүүдө. “Индия жана япония проектерин жайылтуу үчүн УКТБ да эки ковид бөлүмү жабылды” – деп жоопкерсиз билдирүү Президентке, Өкмөттөр аралык келишимдерге, деги эле Индия, Япония менен Кыргыстандын мамилелерине көлөкө түшүрөт жана инвестициялык климатка да шек келтирет деп корком.

Акпай Сарыбаевдин болжолу боюнча Саламттык сактоо минстрине кызмат орун керек болгон. Анын максаты “Мен”. Директор болуп мен эки жыл эле иштедим. А индустар менен 1999 –жылдан бери кызматташам.  Ошол эле мезгилде Акпай Сарыбаев УКТБ да айрым жетишпестиктердин бар экенин мойнуна алды. Мисалы, бир келишим менен кардар товар берүүнү 17 күнгө кечиктирген. Сатып алуу бөлүмү ага айып жазган. Буну биз жойдук. Башка дагы эсеп кысап жетпөөсү болгон. Аны да жойдук. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өкмөткө Акпай Сарыбаевди иштен алуу сунушун жолдогон. УКТБ жамааты 300 кишинин колу менен аны ордунда калтырууну суранган. Министрдин кайрылуусуна Өкмөт башы кол коюш керек эле. Бирок, андай чечим боло элек”,- деп жазылат маалыматта.