Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Балыкчы — Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Атап айтканда, ал узундугу 141 км саналган «Балыкчы — Барскоон» унаа жолунун тилкесин барып көрдү.
Бүгүнкү күндө мында 0-25 км чейин курулуш иштери жүрүүдө.
Жер үстүндөгү иштер 90% бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат.
Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.