КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымакта ылайык, жолугушуу Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын 20дан ашуун тургунунун 12-ноябрда президент Садыр Жапаровко видео-кайрылуусунун негизинде өткөрүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда алардын президентке кайрылуусунун негизги себептерин угуп түшүндүрмө берип өттү.

Ошондой эле облус башчысы А. Алимбаев коюлган маселелер боюнча бүгүнкү күндө иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалымат берди.

Аны менен катар Максат айылына мамлекет тарабынан жана жалпы кыргыз эли тарабынан бир канча жакшы жардамдар болгонун жана калыбына келтирүү боюнча бүт кыргыз эли менен бирге президенттин өз көзөмөлүндө болуп,бүгүнкү күндө Максат айылы шаарга айланганын да белгиледи

Мындан сырткары, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү элдин суроо-талабы, көйгөйү биринчи кезекте эске алынып, чукул чаралар көрүлөөрүн кошумчалады. Жолугушуунун жүрүшүндө Алимбаев эгерде кандайдыр бир көйгөйлүү маселелер жаралса биринчи кезекте облус башчысына кайрылууларын да айтып өттү.