Өлкөдө 15-ноябрга карата коронавирус дагы 84 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык,

Бишкек шаарында – 66,

Чүй облусунда – 9,

Талас облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 6,

Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 85 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 559 бейтап, амбулатордук түрдө 721 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 425 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 909 киши айыгып чыкса, 2 миң 707 адам каза болду.