Борбор калаанын жолдору жана тротуарларындагы карды тазалоо үчүн 37 техника колдонулуп, 44 тонна туз себилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдөгү карды күрөө жумуштары саат 4:00дө башталган.

«Ишке жол-эксплуатациялык бөлүмүнүн 12 кызматкери, кар тазалоочу 25 машина, төрт универсал автоунаа, беш трактор менен чыккан. Ошондой эле көчө тазалаган 608 жумушчу кадимки тартип менен иштеп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү муктаждыгы жаралса, мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып же күнү-түнү иштөөчү 1840 жана 1850 номерлерине чалса болот.