Бишкектин айрым жерлеринде беш күн катары менен газ болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Осмонкул менен Древесной көчөлөрүнүн кесилишиндеги түтүктөрдөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы да ысык суу жана жылуулук берүүнү 15-19-ноябрда токтотот.

№21 мектеп-интернатынын от казандары жана “Красный строитель” конушунда жылуулук өчүрүлөт.