Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында кол койгон.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар бир катар дал келбестиктер жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жана Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдары менен ички карама-каршылыктардан улам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.