Энергетика министри Доскул Бекмурзаев басылмалардын бирине берген маегинде азыр Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо жана транзит жок экенин билдирди.

Анын айтымында, бул жакында эле чаңдуу бороон болгон Өзбекстандын көйгөйлөрүнө байланыштуу.

«Көйгөйлөр бар жана алар көп», — деди ал.

Ал коңшу мамлекеттер менен соода алакасын ачыктагысы келбей турганын, бул баа саясатына таасир этиши мүмкүн экенин билдирди.

Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоого келсек, учурда импорт токтоп турат, бирок бул маселе жакынкы күндөрү чечилет.

«Импорт түркмөн тараптын көйгөйлөрүнөн улам токтотулду», — деген ал.

Маалымат:

Келишим боюнча, жыл аягына чейин Кыргызстан Түркмөнстандан 501,9 млн кВт/саат электр энергиясын алышы керек. Октябрь айынын ортосуна карата Кыргызстан Түркмөнстандан 280 млн кВт саат алды.

Ошондой эле 2021-жылдын март айынын башында Кыргызстан менен Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда электр энергиясын алмашуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтому жана буйругу кабыл алынган.