Бүгүн, 16-ноябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу  Республикалык штаб билдирди.

Берилген маалыматка карганда, Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 35, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыгып, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда.

Белгилей кетчү нерсе, өлкөдө акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясына каршы 11 миң 322 адам эмдөөдөн өткөнү маалым болду.