Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышып жатат. Президент  Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөдү.

“Урматтуу катышуучулар!

Өзүңүздөр билесиздер, ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки Жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык. Ал тургай Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук. Анткени,  мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үч үн иштеши керек.

Ата мекендик болобу же чет өлкөлүк болобу, инвесторлордун ар бир кайрылуусу, же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш. Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Ошол эле учурда, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек!

Бизнестин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык талаш-тартыш маселелери мыйзам чегинде сотто чечилиши кажет. Экономикалык маселелер боюнча кабыл алынган сот актыларынын сапатын жогорулатуу үчүн бул ишке бизнес-ассоциацияларын тартуу менен бирге сот системасынын потенциалын жогорулатуу зарыл.”