Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышып жатат. Президент  Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөдү.

“Кеңештин урматтуу катышуучулары!

Кен байлыктар, жер, суу, жайыттар – булардын баары улуттук байлык. Жерди трансформациялоо маселесинде да бир топ көйгөйлөр бар. Жер сатуу — алдамчылардын, шылуундардын алектенген иши болуп келген. Мындай жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбоо максатында «Жерди трансформациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койгом. Ошондуктан жерлерди инвентаризациялоо маселесин жана жерлердин бардык категорияларынын акыркы реестрин аныктап-тактап, бүткөрүү зарыл.

Жерлерди трансформациялоодо мурунку кетирилген каталарга жол бербей, буга чейинки трансформациялоонун сабактарын эске алуу абзел. Өзгөчө, Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоо боюнча көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылууда. Аткарган кызматына карабай, коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.

Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык кылмыштар тууралуу фактыларды билдирген адамдарга сый акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарыл. Бул усул – көйгөйдү чечүү механизмдеринин бири. Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Ошондой эле, коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупци ялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фонддон бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек. Коррупцияга каршы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, коомдо коррупцияга каршы атмосфераны түзүү үчүн коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо, анын ичинде каржылоо чараларын караштыруу зарыл.

Азыркы учурда кыргыз коомчулугуна жаңы идеология керек. Тактап айтканда, коррупцияга малынбаган чиновник, коррупцияга аралашпаган бизнесмен, коррупционерлерди жектөө жөнүндө идеология зарыл. Ошондо гана биз коррупцияны ооздуктап, аны жоюуга бет алабыз деп ойлойм.

Кыргызстандын эли парламенттик шайлоо таза жана татыктуу өтөт деген ишенимде. Шайлоодогу алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш, керек болсо андан дагы коркунучтуу көрүнүш!

Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка гана түртөт. Удаа-удаа революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары Кыргызстандын ар бир жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз. Мен дагы, Министрлер Кабинети жана күч органдары дагы мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү чараларды көрөт деп элибизди ишендирип кетким келет.

Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!”.