Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда 63 жашка чыкты. Ал 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков пайгамбар жашында (фотобаян)

Сооронбай Жээнбеков Cкрябин атындагы айыл чарба институтуна тапшырып, 1983-жылы зооинженер адистигин алып, ийгиликтүү аяктаган. 1983-1995-жылдар аралыгында ал жөнөкөй кызматкерден, жетекчиликке чейинки кызматтарды басып өткөн.

1995-жыл Сооронбай Жээнбековдун жашоосуна бурулуш алып келген, саясий жолу башталган жыл деп эсептөөгө болот. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышына бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келген Жээнбековдун президенттик кызматты көздөй кадамдары башталган.

3 ирет катары менен бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Сооронбай Жээнбеков 2007-жылы Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөттө айыл чарба жана өнөр жай министри кызматына келип, жарым жылдан кийин жумушун тапшырып отставкага кеткен. 2007-2010-жылдар аралыгында ал ишкерлик менен алектенет.

2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн кийин Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп дайындалат. 2012-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына бекиген.

2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи болуп барып, аз өтпөй президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматында иштеп баштайт. Ал эми 2016-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын өкмөт башчылык кызматына дайындалат. 2017-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайланган. 2020-жылдын 15-октябрында ал отставкага кетти.