Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентине карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;

— Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;

— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.