Кыйноолорго каршы улуттук борбор Бишкектеги №1 тергөө абагында алдамчылыкка шек саналып камакта отурган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал системага нааразылыгын билдирип 14-ноябрдан тарта тамак-аштан баш тарткан. Мындан тышкары Жаза аткаруу кызматынын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мекемелериндеги кармоо шарттарына даттанган.

«Бүгүн, 16-ноябрда улуттук борбордун кызматкерлери Гүлзат Мамытбек жаткан абак жайына барышкан. Анда алдамчылыкка шектелген Гүлзат айым кызматкерлер менеэн сүйлөшүп, 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын, бирок расмий түрдө СИЗОнун жетекчилигине билдирбегенин айтты. Ал негизсиз айып тагылганын, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, колунда бардык ырастоочу документтер бар. Мындан тышкары Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын начардыгына, тактап айтканда өз убагында кат-кабарлар жөнөтүлбөгөнүнө, кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду. Биздин кызматкерлер ачкачылык боюнча камак жайдын жетекчилигине кабар беришти», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими чыгарылган.