Мандариндин ден соолукка пайдасы көп, бирок кээ бир адамдар үчүн кооптуу. Тамак сиңирүү системасынын оорулары менен жабыркагандар жана эки жашка чейинки балдар алардан баш тартканы жакшы. Бул тууралуу диетолог жана фитнес-тренер Наталья Кушнир билдирди.

Эксперт гастрит, ашказан жарасы менен ооругандарга бул мөмө-жемиштерге таянбоо кеңешин берди. Алар уйку бези жана өт баштыкчасы менен байланышкан көйгөйлөргө да зыян келтириши мүмкүн.

«Мандарин В, Р, К, Д витаминдерине бай. Курамында минералдар, кальций, магний жана калий бар. Ошондой эле ал  мыкты антидепрессант болуп саналат. Даамын гана эмес, түсү, жыты  майрам менен байланыштырылат», — деп белгиледи адис. Кушнир цитрус жемиштери көбүнчө аллергиялык реакцияларды жаратаарын эске салып,  майрам учурунда аларды ашыкча жебөө керектигин эскертет.