КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Финансылык-экономикалык камсыздоо башкы башкармалыгы тышкы кызматтар үчүн планшеттерди сатып алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма — 15 млн 162 миң сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 25-ноябрда аяктайт.
Ведомство андроид 7.1 версиясындагы 380 даана планшет сатып алат.
Булак: Кабар кж