Бишкек шаардык Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жаныбекова Адинай Жаныбековнанын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук милициянын басма сөз кызматы билдирд.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда шаар тургуну Ж.Б. арыз менен кайрылып, 14-ноябрь күнү саат 14:30дар чамасында Сүйүнбаев-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган карындашы Жаныбекова Адинай Жаныбековнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Азыркы учурда дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жүргөн жери белгисиз.

Аталган факт Бишкек шаардык Свердлов райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, түз.

Кийими: үстүндө кара куртка, джинсы, ак бут кийим.

«Эгер сиз жогорудагы Жаныбекова Адинай Жаныбековнаны көргөн-билген болсоңуз төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуңузду суранабыз: 0555 15-03-41 жана 102», — деп айтылат маалыматта.