Кечээ, 16-ноябрда “Түндүк электр” ААКсы “Алтын-Казык” жаңы конушунда жашаган Ж.Келдибекованын 301 миң 527 сомдук дебитордук карызы бар үчүн электр жарыгын өчүрдү.

Белгилей кетсек, жер тилкеси трансформацияланбагандыктан «Түндүк электр» ААК аталган конуштун тургундары менен түз электр энергиясы менен камсыздоо келишимин түзүүгө укугу жок.

Буга байланыштуу абонент Ж.Келдибекова бөлүштүрүүчү компания менен турмуш-тиричилик абоненттеринин категориясы боюнча абоненттик «тургундар тобу» катары келишим түзгөн. Келишимге ылайык, абонент керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү башка абоненттерден өз убагында өндүрүүгө милдеттүү.

Бирок, үстүбүздөгү жылдын башынан бери абонент бир нече жолу карызды толук жабуу боюнча келишимге кол койгону менен, карызын толук төлөбөй, дагы карызы пайда болду — деп айтылат маалыматта.