Азамат Жээнбеков Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду.

Бүгүн жаңы жетекчи мэриянын аппаратына тааныштырылып иш баштады. 33 жаштагы Азамат Жээнбеков эки жогорку билимдин ээси. 2011-2019-жылдары 7-каналда, 2019-2021-жылдары Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун директору болуп иштеген.