Борбор Азияда биринчи айымдар эл алдына сейрек чыгат. Көбүнчө президенттердин жубайлары мамлекет башчыларынын башка өлкөлөргө болгон иш сапарларында же  кайрымдуулук фонддорунун ачылышында жалпы коомчулукка көрүнөт.

Казакстандын биринчи айымы

Надежда Давыдовна Токаева

Казакстанда 2019-жылга чейин өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылдан бери бир эле биринчи айым, президент Нурсултан Назарбаевдин жубайы Сара Назарбаева болгон. Токаев президенттик тактыга отурган күнү өлкөнүн жаңы биринчи айымы Надежда Давыдовна деп казак басылмалары жазып чыгышкан. Анын Нижний Тагил шаарында төрөлгөнү маалымдалган.

Казакстандын биринчи айымы тууралуу биринчи маалымат Акорда сайтында пайда болгондон бир жума өткөндөн кийин Токаевдин расмий өмүр баяны жарыяланды, анда анын үй-бүлөлүк абалы – “ажырашкан” деп көрсөтүлгөн. Надежда Давыдовна менен Касым-Жомарт Токаевдин 1984-жылы туулган Тимур аттуу уулу бар.

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Асанбаева

Кыргызстандын президентинин жубайы Айгүл Асанбаева 48 жашта, теги Ысык-Көл облусунан. Мектептен кийин Караколдогу медициналык окуу жайга тапшырган. Кийин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетин аяктаган. Төрт баланын апасы.

«Үмүт булагы» коомдук фондун негиздеген, анын негизги максаты Кыргызстандын эне-баланы колдоо болуп саналат.

Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова

Первая леди Узбекистана Зироатхон Хошимова

Коомчулук биринчи жолу Өзбекстандын биринчи айымы менен 2017-жылдын май айында Шавкат Мирзиёевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында таанышкан.

Зироатхондун атасы Махмуджон Хошимов Фергана өрөөнүндөгү эң бай адамдардын бири болгон жана Орто Азия темир жолунун Кокондогу «Дорресторан» жана көчмө ашкана вагондорун камтыган камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

Хошимова Ташкенттеги ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Кесиби боюнча — инженер-экономист. Өз адистиги боюнча иштебейт, үй кожойкеси.

Зироатхон Хошимова – “Замин” эл аралык коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин төрайымы.

Тажикстандын биринчи айымы Азизмо Асадуллаева

Эмомали Рахмоновдун жубайы тууралуу маалымат дүйнө коомчулугунан жашырылган. Ал тууралуу расмий маалымат жок. Дүйнөлүк маалымат каражаттарында республиканын биринчи айымы Азизмо Асадуллаева деп жазылат. Ал расмий конокторду  кабыл алууларга сейрек катышат, ал дээрлик эч качан күйөөсүн сапарга узатпайт. Азизмо тогуз баланын: жети кыз жана эки уулдун энеси экени гана белгилүү.

Азизамо Рахмонова эл алдына саналуу гана жолу чыккан. Алардын бири Эмомали Рахмондун 2014-жылы Малайзияга жасаган сапары учурунда болгон.

Түркмөнстандын биринчи айымы Огулгерек Атаевна Бердымухамедова

Коомчулукка жеткен бардык маалыматтардан Огулгерек Бердымухамедова 2007-жылдан бери Лондондо  жашайт, ошондой эле Ашхабадда түркмөндөрдүн салттуу жабык көйнөгүн кийип жүргөнү гана белгилүү.

Булак: CentralAsia