Көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатылат дегенден тарта Бишкекетеги  2 көмүр кампада жүздөгөн киши кезегин күтүүдө. Көбүн бул баа дагы канчасына чейин сакталат, шайлоого чейин эле эмеспи, арзан көмүр баарына жетеби деген суроо ойлонтуп жатканын айтышууда. Электр энергиясынынын тартыштыгынан улам көмүргө суроо талап мурдагыдан да күч алды.

Көмүр арзандады дегенге жетине албай жүргөндөр көп. Бирок, алар менен катар эле “тоо болуп үйүлүп жаткан көмүрдү кычыраган кышкы суукка чейин эле, ушундай абалга жеткирбей казып, ташып койсо болот беле же сөзсүз эле жетээр жерине жетип, элдин айласы куруп калганда чечиш керекпи” деп сындагандар дагы аз эмес.

Би-Би-Си бир топ жылдан бери Кара-Кечеден көмүр тартып жүргөн айдоочу Эсен Ажымамбетовду кепке тарты. Ал “Көмүркен Транс” ассоциациясынын жетекчи орун басары.

Би-Би-Си: Бишкектен Кара-Кечеге барып көмүр жүктөп келүүнүн чыгымын санап берсеңиз.

Эсен Ажымамбетов: Мурун мындай эле дебей азыркысын эсептеп берсем түшүнүктүү болчудай. Көмүрдү ордунан 1330 сомдон жүктөйбүз. Түз барып келе турган болсо 380 – 400 литр солярка кетет. Солярка болсо 54-55 сом болуп жатат. 21-22 миң сом. 2 миң сомго жакын тамак-ашы, майда-бараты. Кокус түнөп калып кезек күтө турган болсоң вагондо бир порция тамакты 250 сомго аласың. Нормадан ашпай жүктөп келе турган болсоң 22-25 тоннага чейин. Мен чиркегич сүйрөп баргандардыкын айтып жатам. Чиркегичи жок баргандар азыраак жүктөйт, анда болжол менен 300 литрдей май сарпталат. Буларды, быйылкы кымбатчылыкты эске алганда айдоочулар Бишкекке тартып келген көмүрүн 4000 сомдон ашырбай сатса, ортомчу кампа 400-500 сом кошкондо элге дагы, өздөрүнө дагы жакшы болмок. Эч маселе чыкмак эмес. Былтыр 3500-3800 сомго араң чыккан. Бул жерде өкмөттүн дагы түздөн-түз күнөсү бар. Себеби көмүр казууну 60 күн кечигип баштады да. Жетекчи алмашты, убагында техника бөлүнбөй ушул болду да. Азыр “Кыргыз көмүргө” эле күч келип жатат. Күн-түн иштейт. Бир жагынан ЖЭБ, бир жагынан эл күтүп жатат. Себеби ал жердеги он чакты карьер иштебей жатат да. Былтыр, мурдагы жылы менчик карьерлер дагы иштеп турчу. Алардан да көмүр келип, суроо-талапты тең салмактаганга жардам болчу да.

Би-Би-Си: Сиз айткан он чакты менчик карьер эмне себептен иштебей жатат?

Эсен Ажымамбетов: Эң негизгиси каржы. Аларга техниканы лизингге бериш керек. Мамлекет ошол жагынан көмөктөшсө көйгөй чечилмек. Мисалы биздин фирмада биз каалаган техника болсо пайдасын да таап, арзан да тартып берет элек. Жаңы техниканын күчү күч, чыгымы дагы аз. Аларда техника эски, жаңынын күчүнө салбаса болбойт. Экинчи жагынан өз кызыкчылыгын эле ойлогон карьерлер бар. Алар 40-50 машине көмүр сатып, акчасын чөнтөгүнө салып алат дагы токтотуп коёт. Ошонун баарын анализдеп чыгуу керек.

Би-Би-Си: Кымбат дегенде деле быйыл 4000 сомдон сатса айдоочулар жакшы киреше тапмак деп жатасыз. Анда эмнеге алар 5600-5800 сомго чейин кымбаттатып жиберишти?

Эсен Ажымамбетов: Барыбыз эле пенде экенбиз да. Ажиотаж болуп атканда алкымын тыя албай калышты го. Биздин фирма ал тургай бааны түшүрүшөт бекен деп атайын акция дагы кылып, 300 тоннаны 4000 сомдон саттырдык. Бирок биздин алыбыз келбей калды. Анан эмне болду? Көмүр келет, алармандын көптүгүнөн айдоочуга келип бири 5000 десе, экинчиси 5200, дагы бири 5500 деп көмүр эмес эле аукцион болуп кетпедиби. Камаз өзү ушул баага сатса, ага ортомчу кампа кошсо, анан келип үйүнө чейин ташыйм дегендер кошсо көмүр 7000 сомго чыгат да. Эл ошондон кыйналды.

Би-Би-Си: Эми эки кампадагы баа 3000 сомго түштү. Ошол күндөрү көмүрдү аябай кымбат саткан айдоочулар менен сүйлөшө алдыңызбы, азыр эмне деп жатышат?

Эсен Ажымамбетов: Ооба, саат сайын сүйлөшүп эле жатам. Азыр карап, моюндарына алып жатышат. Бир сыйра “пинкодго” түшүп чыгышты. “Элди аябай кыйнап жибериптирбиз, эми биз 4000 сомдон ашырбайлы, кампаныкын кошкондо 4500 болот” деп турушат. Эми ал жагын мен чечпейм. Бир, бир жарым айдагы ажиотаж үчүн элден кечирим сурап жатышат. Мамлекет бир заматта аларга өз күчүн көрсөтүп коё алды. Заматта ордуна койду.

Би-Би-Си: Президент айдоочулар 50-60 миң сомго чейин пайда тапканы тууралуу айтпадыбы. Бул мүмкүнбү?

Эсен Ажымамбетов: Туура, туура. Мүмкүн эмес эле андан да көп тапкандар болду. Ар бир рейсинде миң долларга чейин тапкандар болду.

Би-Би-Си: Эми көмүр базардагы абал качан турукташат деп ойлойсуз?

Эсен Ажымамбетов: 20 күндүн айланасында элдин көбү алып бүтөт, бир айга жетпей буюрса турукташат.

Би-Би-Си: Азыр 3000 сомдон сатылсын деп ташып жаткан айдоочулар куру жалак калып калбайбы?

Эсен Ажымамбетов: Жок калбайт. Мына 1300 сомдон ордунан алса, 1670 сом калат. 22000 сом майына, андан сырткары тоннасына 600-700 сомдон айдоочуга калат.

Эми көпчүлүктү түйшөлткөн суроого келели. Кезек күткөндөрдүн басымдуусу мындай арзан баа кайра эле токтойт го, кымбаттап кеткенче үлгүрүп калалы деп келдик дегендер. Бул суроого жооп алып, жалпы эле абалды билели деп “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына дагы кайрылдык.

“Республика боюнча бир жылга 3 млн тонна көмүр керек. Анын 950 миң тоннасы Кабак бассейнинен (көпчүлүк Кара-Кече көмүр кени деп билет) казылып алынат. Өлкөдөгү башка көмүр кендеринен казып алгандан сырткары Казакстандан дагы көмүр ташылат. Көмүрдүн 1 млн 600 миң тоннасын Бишкек ЖЭБ жагат. Кара-Кечеде быйыл 17 компания менен биргеликте 950 миң тонна көмүр казыш керек. Иш октябрь айында гана башталгандыктан 255 миң тоннадан ашык көмүр Кара-Кечеден чыгарылды. Быйыл иш кеч башталды деп күн-түн тынбай иштеп жаткандыктан ушунча убакытта эле он айдын планын аткарып койгонубуз белгилүү болду. Буга чейин мынчалык кыска мөөнөттө ушунча көлөмдөгү көмүр казыла элек болчу. Жеке ишканалар казса казат, казбаса калтырып коёт. Күчтүн баары Кара-Кечеге келип жатат. Азыр үч миң сомдон сатылып жаткан көмүр токтоп калбайт. Ал жазга чейин уланат. Керек болсо аймактарга дагы бул ыкманы жайылтылат деп бизге маалымат беришти”, — деди мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова.

Булак: Би-Би-Си