«Бактылуу балалык кербени» акциясынын алкагында Ысык-Көл ОИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарынын, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун жогорку класстарынын окуучуларына, Пристань-Каракол шаарчасында орун алган мемориалдык музейинин аймагында өзгөчөлөнгөн семинар-тренинги уюштурулду.

Ачык асмандын астында, окуучулар жана милиция кызматкерлери топторго бөлүнүп, өз курактагы өспүрүмдөр арасындагы биримдигин уюштуруу жана бир-бирине толеранттык карым-катнашты күчөтүү маселелерин талкулап чыгышты. Командалык өз ара жардамдашууну камтыган ар кандай оюн-зооктор дагы ойнолуп, балдардын купулуна толду. Ошондой эле, окуучулар милиция кызматкерлери менен бирдикте мемориалдык музейинин айланасын тазалап, иш-чаранын акырында Н. Пржевальскийдин жана Х. Карасевдин музейлеринде экскурсияда болушуп, алардын атактуу иштери менен жакындан таанышышты.

Ысык-Көл ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын улук тескөөчүсү Айзада Иманкулованын айтымында, «Бактылуу балалык кербени» акциясы ноябрь айынын башында башталып, аягына чейин өтмөкчү. Аталган акциянын алкагында, облустун орто окуу жайларынын окуучуларына, жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, жардамга муктаж болгон балдарга камкордуктарды көрсөтүү жана орун алган көйгөйлөрдү бирдикте чечүүгө багытталган жаӊы ыкмадагы иш-чаралар уюштурулмакчы.

«Биз, мындай иш-чараларды өткөрүүдө, эски стереотиптерден алыстоого аракет кылып жатабыз.Убакыт көрсөткөндөй, жаштар менен иштөөдө жаӊы жолдор өтө зарыл экен. Себеби, жаӊыланган ыкмалар менен гана, биз, жаштар арасында патриоттук сезимдерин көтөрүүгө, мекенибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салттарын урматтоого жана команданын ичинде иштөө тайжырбаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтө алабыз», — дейт Айзада Иманкулова.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы