Бишкектин «Кара-Жыгач» жаңы конушунда мектеп окуучусу өз үйүндө асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө бала өз жанын кыйганы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө эч кандай күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Белгилүү болгондой, баланын апасы кошунасына барып, кайра келгенде баласын асынган абалда тапкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.