20-ноябрында Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот

2021-жылдын 20-ноябрында Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, биринчи он күндүктө, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алышат.