Бүгүн, 18-ноябрда БШКнын жыйынында УКМКнын өкүлү депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы кармалганы боюнча маалымат берди.

Тергөөчүнүн маалыматына караганда, Жолдошбаевдин кудасы Мухтар Сыдыков домком жана үгүтчүлөр аркылуу добуш сатып алуу менен алектенип жүргөн. Ошондой эле тергөөчү Сыдыков бирөө менен сүйлөшкөн баарлашуунун стенограммасын окуп берди. Анда Сыдыков ар бир шайлоочунун добушу үчүн 2-3 миң сом сунуштаганы айтылат.

Тергөөчү Сыдыков Жолдошбаевдин штабынын бейрасмий жетекчиси экенин да кошумчалады.

Ал эми Жолдошбаевдин БШКдагы өкүлү добуш сатып алууну Сыдыков өзү демилгелегенин, ал штабдын расмий мүчөсү эмес экенин айтты. Ошондой эле расмий түрдө катталган бир дагы үгүтчү добуш сатып алууга катышпаганын билдирди.

Бирок тергөөчү үгүтчү Жылдызгүл Сыдыкова сурак учурунда Мухтар Сыдыков ага 1 миң сом сунуштаганын билдиргенин белгиледи.

Жолдошбаев өзү жыйынга катышкан жок. Анын өкүлү учуррдагы депутат ден соолугуна байланыштуу жыйынга келбегенин айтты.

Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан Жолдошбаевди шайлоодон четтетүү чечимин чыгарышты.

Жолдошбаев Бишкек шаарына караштуу №26 Ленин бир мандаттуу округунан шайлоого аттанган болчу. Ал Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты.