Кыргызстанда алгачкы жолу Ош шаарында “Чыгыш” укалоочулар бирикмеси тарабынын “Ден соолук” форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Дурусбек Эрнусбек уулу билдирди.

Анын айтымында, форумга Бишкек жана Ош шаарында эмгектенген тажрыйбалуу дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Форумдун алкагында кайрымдуулук иш-чарасы дагы өткөрүлдү.

“Бул иш-чаранын негизги максаты дарыгерлердин башын бириктирип, алардын өз ара тажрыйба алмашуу, коомчулукка адамдын саламаттыгына зарыл болгон пайдалуу маалыматтарды берүү. Форумга катышуучулар атайын билеттин негизинде киришти. Андан түшкөн каражат майыптыгы бар жарандарга  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон  үй-бүлөлөргө жардам катары берилет“,-деди ал.

Мындай форум эми аймактарда да уланат. Анда дасыккан дарыгерлер коомчулуктун көңүлүн дени сак жашоого, өз саламаттыгын алдын алууга чакырышат.