Ысык-Көл районунда көмүрдү 3600 сомдон сатып жатканын айткан айдоочунун башкаларды да элге жардам үчүн бир каттам болсо дагы ушундай баада сатууга чакырган видеосу Интернетке жарыяланды. Анда өзүн балыкчылык айдоочу Азык Назаралиев деп тааныштырган адам бүгүн 18-ноябрда Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчыга 10 машина жөнөп кеткенин, башка аймактарда да көмүрдү 3000 сомдун тегерегиндеги баага сатууну пландап жатышканын айтууда:

“Тору-Айгыр айылына алып келип, президенттин айтканын аткарып, бир тоннасына 3600 сомдон таратып жатабыз элге жардам болсун деп шоопурлардын атынан. Муну кылып жаткан себебим – айдоочулар да ушундай арзан баада бирден рейс таратсын. Ушинтип элге жардам бербесек болбойт эми”.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы айдоочулар ушундай демилге көтөрүп жатканын тастыктап, буга чейин алар көмүрдү 5000-7000 сомго сатып келишкенин, арзандатып сатуу алардын өз демилгеси экенин билдирди.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3000 сомдон сатыларын билдирген.

16-ноябрда борбор калаада Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сатыла баштап, алуучулар көбөйгөндүктөн кошумча кампа ачылган.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова Бишкекте ачылган эки кампадан тышкары шаардын башка жерлеринде жана аймактарда да ушундай кампалар ачыларын маалымдаган.