Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан Ишеним саясый партиясынын программасы:

1-кадам.

Элдин кирешесин жогорулатабыз!

Экономиканы өнүктүрүү – эң башкы максат. Жарандардын ишкердүүлүк менен алектенүүсүнө толук шарттар түзүлүш керек. Бай жаран – бай мамлекет.

Ѳлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган шарттар түзүлөт.

Жети дубанга жети завод ачуу. Кырк районго орто көлөмдөгү өндүрүштүк ишканаларды уюштуруу. Ал эми төрт жүз элүү үч айыл өкмөтүндө чакан ишканаларды жана өндүрүштүк ишканаларга сырьелорду даярдоочу пункттарды ачуу. Кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн продукцияларын чет мамлекетке экспорттоо жолго коюлушу кажет. Бул максаттарды ишке ашырууга потенциалыбыз жетиштүү.

Кыргызстан географиялык жайгашкан жерине ылайык тогуз жолдун тоому болууга тийиш. Транзиттин негизинде өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун алда канча жогорулатса болот. Ынтымак менен эл үчүн кызмат кылууга мезгил келди.

2-кадам.

Соттордун ишмердүүлүгүнө жарандык көзөмөлдү күчөтөбүз!

Ѳлкөбүздө ар бир жарандын укугу корголуш керек. Сот адилеттүүлүгү болбосо, мамлекетибиз адилеттүү мамлекет боло албайт. Адилетсиз мамлекетке инвестор келбейт, адилетсиз мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы єспєйт. Ар бир жараны мыйзам менен корголгон, ар бир жараны демократиялык бардык укуктарга ээ, сөз эркиндиги бар өлкө болууга жол алышыбыз керек. Сот эркиндигине жол ачылып, анын ишмердүүлүгүнө жарандык көзөмөл күчөтүлөт.

3-кадам.

Жаш үй-бүлөлөрдүн турак жайлуу болушун жеңилдетебиз!

Турак жай маселесин жеңилдетүү боюнча талапкерлерибиздин омоктуу ойлору бар. Жаш үй-бүлөлөрдү, турак жай көйгөйүнө кабылган бюджеттик кызматкерлерди да жеңил шарттарда үйлүү кылууга болот. Бул үчүн мамлекеттин күчү менен кошо инвестордук, гранттык каражаттарды тартууга болот.

Жеке ишкерлик менен алектенген, жеке компанияларда кызмат кылган, тигүү цехтеринде иштеген, чет жерде мигрант болуп жүргөн жарандар да жеңилдетилген шарттар менен турак жайлуу болушуна шарттарды түзөбүз. Аны ишке ашыруу процесстери жөн гана сөз эмес, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянуу менен жүзөгө ашырабыз.

4-кадам.

Билим берүү тармагы менен Саламаттыкты сактоо тармагын дүйнөлүк стандарттарга ылайыктайбыз

Медицинанын негизги милдети – оорунун алдын алуу жана айыктыруу

Биз медицинанын көйгөйлүү маселелеринин, жарандардын жашоо образын жана тамактануунун сапатын жакшыртуу маселелеринин үстүнөн иштейбиз. Ага ылайык, заманбап медициналык-техникаларды тартуу жана ошол техникаларды иштетүү үчүн медициналык кызматкерлердин билимин өркүндөтүүгө басым жасайбыз.

Билим берүүнүн сапаты бүгүнкү күндө дүйнөлүк билим берүүнүн талаптарына жооп бербейт. Учурда мамлекетибиздеги билим берүү жана тарбиянын улуттук стандарты бекитилбегени абдан өкүнүчтүү. Партиябыздын катарында бараткан илимпоз-педагогдорубуз жогорудагы стандартты билим берүү тармагынын интеллигенциясы менен бирге иштеп чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Келечекте мамлекетибиздин өнүгүүсү билимдүү жаштардын колунда экенин унутпашыбыз керек.

5-кадам.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга ишкерлик кылууга шарт түзөбүз!

Ишкерлик кылууда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга пайызы төмөн кредиттерди бөлүп берүү жана салыктан бошотуу – биздин орчундуу маселелерибиздин бири. Мыкты шарт болсо жогорудагы жарандарыбыздын чыгармачылык демине дем кошулат деген ниеттебиз.

6-кадам. Табиятыбызды сактайбыз!

Айлана-чөйрөнү, экологияны коргоо жана өнүктүрүү замандын талабы. Илим изилдөөчүлөр менен биргеликте топурактын учурдагы абалын текшерип, корутунду чыгаруу менен комплекстүү иш-чараларды уюштуруу керек. Органикалык эмес жер семирткичтеринен органикалык жер семирткичтерди пайдалануунун мезгили келип жетти. Жеген продукциябызга, жуткан абабызга, ичкен суубузга мамлекеттик деңгээлде чара кєрбєсєк жарандарыбыздын ооруп-сыркоосуна жол ачылары күтүлүүдө. Бул боюнча партиябыздын мыкты идеялары бар экенин жашырбайбыз.

 

7-кадам. Күчтүү армияны түптөйбүз!

Биздин партия коопсуздуктун бардык түрлөрүн камсыздоону мезгилдин талабына ылайык, заманбап технологиялар жана ыкмалар менен ишке ашырууну көздөйт.

Мекенибиздин тынчтыгын камсыздоо максатында күчтүү армия керек. Ал үчүн мекен сакчыларына мыкты шарттарды түзүп, айлык маянасын жогорулатуу негизги маселе экени талашсыз. Чек арага чектеш айылдарга өзгөчү статус берүү менен жергиликтүү жаштарга аскердик курал-жаракты пайдалануу окууларын жана айыл тургундарына социалдык жактан колдоону уюштуруу зарыл. Заманбап аскер техникаларын тартуу, келечекте аны чыгаруучу заводдорду куруу мамлекеттин негизги приоритеттүү багыттарынын бири болууга тийиш. Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо мамлекет тарабынан жүргүзүлүшү керек.

 

Даярдоочу: «Дуулатова С.С.» ЖИсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, №3. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы:_1_ даана. 2021-жылдын 19-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).