Нарын шаарынын аймагында 2021-жылдын 17-ноябрь күнүнөн 19-ноябрь күнүнө чейин «Камкордук» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатканына байланыштуу Нарын шаарындагы борбордук базарда ата-энесине жардам берип, соода кылган 2 (эки) жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды.

Аталган өспүрүмдөр  Эмгек Кодексинин 91-беренесине ылайык 14 жаштан тартып жумасына 24 сааттан ашык эмес, 16 жаштан баштап жумасына 36 сааттан ашык эмес иштөөгө укуктуу экендиги түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары, дүкөндөрдө, кафелерде иштеген, кароосуз калган жана тилемчилик кылган балдарды аныктоо максатында рейд өткөрүлүп, натыйжада  Наарын шаарында андай фактылар аныкталган жок.

Иш-чаранын алкагында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы Нарын шаарындагы аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө   кийим-кече, азык -түлүк алынып берилип, жардамдар көрсөтүлдү.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы