Эртең, 20-ноябрда Бишкекте IV Кыргызстан Жарандарынын «Кыргызстан 30+» Форуму болуп өтөт. Анда республиканын бардык булуң бурчунан келген 200дөн ашык өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

IV Кыргызстан Жарандарынын «Кыргызстан 30+» Форуму өткөн учурдагы проблемалар жана келечектеги тобокелдиктерди кучагына алган төрт негизги тема боюнча ачык, экрин талкууга багытталган. Климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдун баалуулукка болгон ориентири – мына ушулар дискуссиянын башкы темалары.

Бул жарандык коомдун эң актуалдуу проблемаларды талкулоо жана алардын чечүү жолдорун иштеп чыгуучу ири жолугушуусу.

Акыркы Форум 2017-жылы өткөн. Андан бери дүйнөдө да, биздин өлкөдө да абдан көп окуялар болуп өттү, алар жарандык коом тарабынан жигердүү көңүл буруусун жана талкулоону талап кылат.

Бүгүнкү этапта позитивдүү өнүгүү жана заманбап чакырууларына туруштук берүү үчүн бардык конструктивдүү күчтөрдүн биригүүсүнө убакыт келип жетти! Кайдыгер эмес жарандардын биригүүгө болгон умтулуусу керек болуп турат. Бул жагдайда Форум стратегиялык өнүгүүнүн негизги маселелери боюнча ой бөлүшүү жана тажрыйба алмашуунун аянтчасы болуп эсептелет.

Негизги принциптердин бири – бул ачык диалог. Форум – өлкөнүн жарандарынын чоң коомдук диалогунун башталышы. Мындан ары Форумда айтылган идеялар концепция, стратегия жана программаларды иштеп чыгуунун негизи болуп калмакчы.

Жарандардын катышуусуз эффективдүү кайра жаралууларды өткөрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күнү жарандардын жигердүүлүгүнө көп сандагы коомдук уюмдардын, бизнестин жана жөн гана кайдыгер болбогон жарандар тартылууда.

“Форум жарандардын мамлекет, саясатчылар, парламент менен болгон диалогунун башталышы болот, ал эми Форумдун жыйынтыктары жарандык коомдун өнүгүү процессине жана жарандардын ынтымактуу биригүүсүнө болгон салымы болооруна үмүттөнөм», — деп баса белгилейт уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Динара Ошуракунова.