Жаратмандар

Жапон окумуштуулары эс тутумду өчүрүүнү үйрөнүштү

Жапон окумуштуулары узак мөөнөттүү эс тутумдун консолидацияланышына катышкан белокторду деактивациялоо үчүн атайын нейро-оптикалык системанын жардамы менен эс тутумдарды өчүрүүнү үйрөнүштү. Бул тууралуу Science журналында жарыяланган макалада айтылат.

Окумуштуулардын айтымында, аларды изилдөөсү Голливуддун «Кара кийимчен кишилер» тасмасы шыктандырган, анын каармандары эс тутумун өчүрүү үчүн атайын аппарат – нейтрализаторду колдонушат.

Белгиленгендей, буга чейин окумуштуулар муну чычкандарда жасашкан. Эстутумду өчүрүү эффекти нейро-оптикалык системанын жардамы менен ишке ашты. Жарык узак мөөнөттүү потенциацияга, башкача айтканда, узак мөөнөттүү эс тутум процессине (эс тутумдун консолидациясы) катышкан белокторду деактивациялайт.

Эстөөлөр негизинен гиппокампта сакталат. Алар чычкандарга белок алып жүрүүчү аденовирусту сайып, андан соң гиппокампты жарык менен нурландырышкан. Натыйжада уйку учурунда маалымат кыска мөөнөттүү эс тутумдан узак мөөнөттүү эс тутумга өткөндө, чычкандын машыгуу учурунда алган маалыматтары изи калбай жок болуп кеткен.

Окумуштуу Ясунори Хаяши, изилдөөчүлөр тобунун бири, жаңы ыкма синапстардын иштешинин бузулушу менен мүнөздөлгөн шизофрения жана Альцгеймер ооруларын дарылоого жардам берет деп күтөт. Ал ошондой эле жарык менен нурлануу ыкмасын «Кара кийимчен кишилер» деген фантастикалык фильмде көрүүгө болот деп салыштырып, адистер ушуга окшош нерсеге жетишкенин ырастады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button