КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда Бишкекке иш сапары менен келген Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов (Россия Федерациясы) менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар эки тарапты кызыктырган бардык тармактардагы кыргыз-татар кызматташтыгын арттыруу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Рустам Минниханов менен жылуу учурашып, Кыргызстанды Россия менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген өзгөчө мамилелер байланыштырып тураарын белгиледи. Кыргызстан аларды ар тараптуу бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү көздөйт, анын ичинде регион аралык активдүү өз ара аракеттенүүнүн алкагында да.

Бул мамилелердин контекстинде Татарстан негизги орундардын бирин ээлейт жана кыргыз тарап эки боордош элдин бакубаттуулугу үчүн аларды өркүндөтүү ниетинде.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде эки тараптуу байланыштардын жогорку динамикасы байкалганын белгиледи.

Алсак, Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрелинде Казанда жана августта Бишкекте эки тараптын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кыргыз-татар бизнес-форумун мисал катары келтирди. Мындан тышкары, бул күндөрү Татарстандын президентинин Кыргызстанга сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылда үчүнчү жолу кыргыз-татар бизнес-форуму өтүүдө.

«Кыргыз Республикасында Казань федералдык университетинин филиалын ачуу тууралуу чечимдин кабыл алынышын кубаныч менен белгилейбиз», — деп белгилеген Президент Садыр Жапаров, Рустам Миннихановго бул маселедеги жеке колдоосу жана салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Баарлашуу жүрүшүндө президент татарстандык компаниялардын энергетика жана тоо-кен тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө, санариптештирүү, экология жаатында ошондой эле кызматташуунун башка чөйрөлөрүндө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчысы КР өкмөтү менен Татарстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планынын макулдашуусу аяктагандыгын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров аталган документке кол коюлушу эки тараптуу кызматташтыкка кошумча дем берерине ишенимин билдирди.

Маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине токтолуп, президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын бир катар демилгелерин, анын ичинде Казань шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууну кароону сунуштады.

Өз кезегинде Рустам Минниханов акыркы мезгилде эки тараптуу байланыштар активдешип жатканын белгиледи. Татарстан соода-экономикалык, ошондой эле санариптештирүү жана туризм чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү жигердүү өнүктүрүп, Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр.

Анын айтымында, Татарстан Республикасы кызматташтык жана жаңы долбоорлор үчүн ар дайым ачык. Ал ошондой эле, көп пландуу кызматташтыкты активдештирүү жалпы эки тараптуу өз ара мамилени өнүктүрүүгө оң таасир этерине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Рустам Минниханов Чыңгыз Айтматов планетардык масштабдагы инсан экенин жана жазуучунун эстелигин орнотуу алар үчүн чоң сыймык болорун баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү диалогго кызмат кылат деген ишенимин билдиришти.