Бишкек шаарында ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрли маалымдады.

Маалыматка ылайык, жарманке саат 9:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат. Айыл чарба азыктары дүң баада сатылат. Жарманке Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.