Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз  Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына “Мөңгүлөрдү сактоо” боюнча резолюцияны акыркы комитеттен өткөзүп жаткынын, аталган резолюциянын идеясы президент Садыр Жапаровго таандык экенин жана Улуу Британия, Исландия, Швейцария, Австрия, Россия Кыргызстанга адамзатка эң керектүү резолюция деп ырахмат айтып кол чапканын жазды.

“Мөңгүлөрдү сактоо” боюнча резолюциябызды акыркы (төртүнчү) комитеттен өткөзүп жатабыз. Башы ООНдун 76 сессиясында президент Садыр Жапаровдун идеясынан башталган сөз ишке ашканы турат. Президенттик администрация, ТИМдин,  өкмөттүн бардык структуралары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу даярдалган бул документти алып чыгабыз. Өтпөй калса келтек биринчи бизге тиет. Аны үчүн кадимки эле жүгүрмөй, суранмай, колдоо күтмөй, бирок ошого жараша документ дагы кынтыксыз даярдалышы керек. Ошондо душманың болсо да колдоп беришет жана кол чабышат. Ушул видеодон Улуу Британия, Исландия, Швейцария, Австрия, Россия Кыргызстанга адамзатка эң керектүү резолюция деп ырахмат айтып жатканын көрсөңөр болот. Эң алдында сөз алып, резолюцияны жактап аягында бизди колдогон 20дан ашык өлкөгө ырахмат айттым. Буйруса эми бул резолюция генконференциядан толук кабыл алынганда сүйүнчүлөйбүз. Бар болгула», -деп жазган ал.