Өзбекстандын борборунда көчө сүрөтчүсү Инкузарт бензиндин кымбатташын сындаган жаңы граффити тартты. Бир аз убакыт өткөндөн кийин граффити боёлуп бүттү. Бул тууралуу CentralAsia (UZ) басылмасы жазып чыкты.

19-ноябрда Ташкенттеги май куюучу жайдын алдында Өзбекстанда бензиндин акыркы кымбатташы тууралуу жаңы граффити пайда болду.

Ташкенттин Үчтепа районундагы май куюучу жайдын дубалына тартылган эмгектин автору InkUZart лакап аты менен көчө сүрөтчүсү. Граффитиде автор бензиндин кымбатташы өзбектерди кантип «өлтүрөрүн» сүрөттөп берген, аларды улуттук баш кийимчен адамдын силуэти символдоштурган. Көчө сүрөтчүнүн эмгеги бир нече сааттан кийин алынып салынды.

Буга чейин InkUZart да Ташкентте UzAuto Motors монополиясына жана анын натыйжасында автоунаалар үчүн узун кезекке граффити тарткан.Граффитилердин биринде машине сатып алуу үчүн кезекке турган элди көрүүгө болот. Биринчи кезекте кызгылт сары шляпа кийген адам турат, ал кошумча акыга кезексиз машине сатып алууда Өзбекстанда бар «шляпа системасына» ишарат кылат. Бул чыгарма да бир нече күндөн кийин өчүрүлгөн.

Азырынча элден ким экенин жашырып жүргөн InkUZart граффити үчүн эч качан акча албаганын жана ар дайым “жан дүйнө үчүн” сүрөт тартканын айтат.

Июнь айында Ташкентте дагы бир InkUZart граффити «Медициналык маска кийген Мона Лиза» деп аталган.

Андан соң массалык маалымат каражаттары граффитини алып салууну Аброр Мухтор Али деген каймана ат менен иштеген блоггер жана Ислам цивилизациясы борборунун кызматкери Аброр Абдуазимовдун сүйлөгөн сөздөрү менен байланыштырып, «өзбек элине жат» дүйнөлүк искусствонун шедеврлери Леонардо да Винчи жан Рембрандт сыяктуу Батыш сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралганын айткан.