БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров “Ала Тоо 24” телеканалынын “Маек” рубрикасынан КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун азыркы учуру, даярдыктар, мыйзам бузуулар боюнча айтып берди.

“КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамда ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн. Бул ыкчам аракет кылуучу координациялык топто Боршайкомдун атынан мен, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, укук коргоо органдарынан өкүлдөр кирип, мыйзам бузууларга каршы иштер жүргүзүлүп жатат. Ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун негизги максаты — мыйзам бузууларга каршы чара көрүү, бул боюнча ачык маалыматтарды коомчулукка, жарандарга жеткирүү болуп саналат. Бул үчүн БШК сайтында атайын реестр түзүлгөн.

Бүгүнкү күндөгү эң чоң көйгөй добуш сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу болуп жатат. Так айтканда БШКга ушул учурга чейин 65 мыйзам бузуу боюнча арыздар, даттануулар түштү. Анын ичинен ыкчам аракет кылуучу координациялык топко 32 кайрылуу келди. Анын 22и шайлоочулардын добуштарын сатып алууга байланышкан. 10у админресурсту кыянаттык менен колдонуу боюнча даттануулар. Ушул эки көрүнүш кылмыш категориясына киргендигине байланыштуу, бул фактылар боюнча УКМК, ИИМ жана прокуратура кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, укуктук баа беришет. Ошонун негизинде жасаган мыйзамсыз иштер далилденип айыбы угузулгандан кийин, Боршайком ошол талапкерди же партияны шайлоодон чыгаруу жагын кароого мүмкүнчүлүгүбүз да, укугубуз да жетишет.

Чынында 2020-жылдын октябрь айындагы ЖК депутаттарын шайлоодо ушул ыкчам аракет кылуучу координациялык топко жалпысынан 466 арыз келип түшкөн. Бүгүнкү күндө 32 арыз, айырма абдан чоң. Былтыркы шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча 173 кайрылуу болгон. Быйыл болсо 22 арыз, айырма абдан чоң. Мунун себебин мамлекет жетекчилиги тарабынан жана Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу иштеринин натыйжасында болгондугун айтаар элем. Себеби шайлоочуларга ачык тандоо кылууга, эркин добуш берүүгө шарттар түзүлдү. Ошондой эле депутаттыкка талапкерлер арасында артыкчылык болбошу үчүн уюштуруу иштери жасалып, жаңы кабыл алынган конституциялык мыйзам да ушундай иштердин себеби болду. Мындан тышкары мамлекет башчысынын саясий эрки да чоң роль ойноду. Албетте, 28-ноябрга чейин дагы бир топ күн бар. Менимче, бул көрсөткүч бир аз көбөйөт, бирок былтыркы шайлоого караганда ушундай кайрылуулар кыйла аз болот деп турабыз.

Эгерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине мыйзамсыз аралашса, алар кылмыш жообуна тартылышат. Албетте, мыйзамсыз иш аракети далилденсе, соттолуп кетиши да мүмкүн. Эгерде талапкерлер тарабынан ошондой мыйзамсыз иштер жасалса, укук коргоо органдары алардын мыйзамсыз аракеттерин далилдеп маалымат беришсе, биз ошол талапкердин каттоосун жокко чыгарып, шайлоого катыштырбай койгонго чейин чечим кабыл алабыз.

Таза шайлоону өткөрүүгө бир гана Боршайком же укук коргоо органдары гана эмес, ар бир аң-сезимдүү жаран кызыкдар болушу керек. Айрыкча саясий партиялар, талапкерлер да кызыкдар болушу керектигин баса көрсөткүм келет. Ошон үчүн азыр таза шайлоо өткөрүп алабыз деген ишеним бар.

Мамлекет башчысы бир нече жолу кайрылуу жасап, таза шайлоо өткөрүүгө, шайлоочуларды добуш сатпоого чакырып келе жатат. Бардык мамлекеттик жана социалдык тармактарда иштеген кызматкерлерди шайлоо иштерине кийлигишпөөнү талап кылып чараларды көрүп жатат. Шайлоону таза өткөрүүгө азырынча эч ким кепилдик бере албайт. Бирок талапкерлер, саясий партия менен бараткан талапкерлер өздөрүнө керектүү жыйынтыкка жетүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп келишет.

Мурда талапкерлер, партиянын өкүлдөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен келишип алып, массалык түрдө бюллетендерди салган убактар да болгон. Андан тышкары “карусель” ыкмасы да элге жакшы тааныш, бир эле шайлоочу бир топ шайлоо участогуна кирип шайлап чыккан мезгилди да баштан өткөргөнбүз. Ошол көрүнүштөр бүгүн тарыхта калды. Бүгүн бир дагы жаран бюллетендерди тобу менен таштоо же “карусель” бар деп айта албайт. Булардын бардыгына шайлоо тармагында жасалып жаткан реформанын негизинде жетишилди.

Бүгүнкү күндө эң чоң көйгөй добуш сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу гана калды. Себеби айрым талапкерлер шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпасын билишип, элге бара башташты. Ар бир шайлоочу менен сүйлөшүп сатып алууга аракет кылып жатышат. Добуш сатып алуу менен административдик ресурсту колдонууну жок кылсак, башка бир нерсе ойлоп табууга аракет кылышат. Технологиялар өнүккөн сайын балким ошондой иштерге жол ачылышы мүмкүн. Эми аны дагы көрө жатарбыз. Бирок мамлекетибиз, Боршайком мындай иштерге каршы максималдуу аракетин жасап жатат.

Азыркы шайлоо тууралуу абдан көп түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Боршайком отуздан ашык видеороликтерди жасап таратып жатабыз. Андан тышкары шайлоо комиссияларынын отуз миңге жакын мүчөсү бар. Аларга керек болсо ошол шайлоо күнү участоктордо шайлоочуларга түшүндүргүлө деген көрсөтмө бердик. Андан тышкары канчалаган окутуулар жүрүп, меморандумдарга кол коюлуп жатат.

Азыркы шайлоодо эки бюллетень болот, шайлоочу 3 жерге белги коюш керек. Бир мандаттуу округдар боюнча тандаган талапкерине белги коет да автоматташтырылган эсептөө урнасына салат. Ал эми бирдиктүү шайлоо округу, башкача айтканда партиялык тизме менен бараткан талапкерлер боюнча экинчи бюллетенде биринчи жаккан партия үчүн белги коюш керек, анан 54 номери бар бош чарчылар болот, ошондон партиядан тандаган талапкердин катар номерине белги коесуз. Бул жерден эгер шайлоочу партияга добуш берип, бирок талапкерге добуш бербей калса, ал бюллетень партиянын пайдасына саналат. Эгерде талапкерге белги коюп бирок партияга белги койбосо, андай бюллетень жараксыз болуп эсептелет. Ушул өзгөчөлүктү шайлоочуларга түшүнүктүү кылып жеткиришибиз керек. Шайлоочулар да ошол күнү шайлоо участокторуна барып активдүү добуш беришсе деп чакырып кетет элем.

Боршайком, аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте шайлоого даярдык көрүүгө тиешелүү бардык иш аракеттерди аткарып жатат. Ковид пандемиясына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, бардык керектүү каражаттар сатылып алынган. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бул боюнча алгоритм иштелип чыкты. Ички иштер министрлиги менен шайлоо участокторунда коопсуздукту камсыздоо иштери боюнча да иштер жүрүп жатат. Бюллетендер “Учкун” мамлекеттик акционердик коомуна басууга берилди. Биз календардык пландын негизинде иштеп жатабыз. Шайлоону тынч, мыйзамдуу өткөрүүгө ишенимдүү турабыз.

Чет өлкөлөрдө шайлоолорду уюштуруу үчүн Боршайкомдун мобилдүү тобу бир топ мамлекеттерге барып келишти. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу ачылды. Анын ичинен 20сы Россияда, дагы 5 участок Россиянын бир катар шаарларында Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самарада ачылды. Эң акыркысы болуп Венгриянын борбору Будапешт шаарында ачылды. Бизде чет өлкөлөрдө шайлоо участокторун ачууга Тышкы иштер министрлиги менен бирге мүмкүнчүлүктөр бар, болгону биздин жарандар консулдук каттоого турушу зарыл. Биздин жарандар канчалык көп каттоого турушса ошого жараша шайлоо участокторун ачууга биз даярбыз.

12-ноябрга чейин шайлоочу өзүн тизмеден тактай турган мөөнөт аяктады. Себеби мыйзамдын талабы ушундай. 29-августтан ушул кезге чейин биз күн сайын кайрылып келдик. Калкты тейлөөчү жайларда, биздин сайттар аркылуу дагы башка булактар аркылуу тизмеден өзүңөрдү тактагыла деп билдирүүлөрдү жиберип жаттык. Эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр болсо, участкалык комиссиялардын тизмесинде жок болсо, алара катыша албай калышат.

28-ноябрда шайлоого баарыбыз бирге катышалы. Эркин добуш берип, өзүнөргө жаккан талапкерлерди тандап алууга бардык шарттар бар.