Биринчи радионун “Негизги маселе” уктуруусунда 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктар, бул шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болуп, КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматов Борбордук шайлоо комиссиясынын иштери тууралуу кеңири баяндап берди. 

Шайлоо өнөктүгүнүн активдүү этабы жүрүп жатат. Ошол учурда мыйзамды бузгандарга тиешелүү кызматтар менен бирге чаралар көрүлүп жатат. Ошонун алкагында Бишкек шаарынан чыгып жаткан талапкерге карата чечим кабыл алынып, ал шайлоодон четтетилди. Бул боюнча Улуттук коопсуздук кызматы Боршайкомго аталган талапкер тууралуу маалымат берди. Ал жерде жакын тууганынын  шайлоочулардын добуштарын сатып алууга болгон аракети аныкталган. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесин бузган, экинчиден шайлоо мыйзамдарына каршы аракет болгон. Үй башчыларынын, квартал башчыларынын шайлоо иштерине аралашып аларга туугандары аркылуу акча каражаттарынын берилишин далилдеген актылар түзүлгөн. Дагы 2-3 талапкердин иштери да каралып жатат. Бул аракеттердин бардыгы таза шайлоо өткөрүүгө аракеттин натыйжасы.

Азыркы шайлоо кампаниясын өткөрүүдө өзгөчөлүктөр бар экендигин эске алып, учурда  ыкчам чара көрүү иштери жакшы жолго коюлган. Мурда бир адам арыз менен кайрылса, аны изилдеп, экспертиза жүргүзүп чара көргүчө шайлоо бүтүп калчу. Азыркы учурда мыйзамга ыкчам аракет кылуучу жумушчу топ тууралуу атайын өзгөртүү киргизилген. Анын курамында прокуратуранын, ички иштер органдарынын, УКМК өкүлдөрү бар. Алар ЖМКда, социалдык тармактарга кандайдыр бир мыйзам бузуулар чыкса, аларды өздөрүнүн аймактык бөлүмдөрү менен ыкчам иштешип, тез чаралар көрүлүп жатат.

Бүгүнкү күнгө чейин 80ден ашуун кайрылуулар түшүп, алардын дээрлик бардыгы мамлекеттик органдардын бүтүмдөрү менен бышыкталып, чечимдер кабыл алынды. Анын алкагында ыкчам аракет кылуучу координациялык топко 40тан ашуун, арыздарды, даттанууларды кабыл алуучу биздин жумушчу топко 30дан ашуун, ал эми үгүт иштерине көзөмөл жүргүзүүчү жумушчу топко 20га жакын кайрылуулар келип түшкөн. Алар боюнча аймактардагы бөлүмдөрдөн корутундулар чыгып, БШК талапкерлерге бир катар чараларды көрдү. Мисалы, ондон ашык талапкерлерге, саясий партиянын өкүлдөрүнө, жарандарга шайлоонун үгүт эрежелерин бузгандыктары үчүн эскертүүлөр берилди. Ал эми шайлоону уюштурган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары мыйзам бузган учурда да айып санкциялары салынып, чаралар көрүлүп жатат. Жакында эле Министрлер кабинетинин компетенциясына кирген айрым кызматкерлерге чара көрүүнү суранып, Боршайком өз чечимин берди. Айрымдары ишинен бошотулуп, кээ бирине сөгүш жарыяланды.

Кылмыш-жаза кодексиндеги добуш сатып алуу үчүн жаза берүүчү 192-берене мурдатан эле бар эле, бирок аны иштетүүчү механизмдер болгон эмес. Эми болсо жаңы кабыл алынган Бузуулар жана Административдик кодекстер ушул берененин иштешине рычаг болуп берди десе болот. Шайлоо деген саясий күрөш, анда эреже бузгандар катуу чараларга кириптер болушу, шайлоого катышуучулардын бардыгын мыйзамды бузбоого түрткү болот. Албетте, бийликке жетүүгө болгон күрөш да эрежелердин алкагында өтүшү керек. Бирок шайлоо процессинин катышуучулары добушту көбүрөөк, батыраак жана ишенимдүү алууга бардык жолдор менен аракет кылышат экен. Азыркыдай кескин чаралар мурда болбогондуктан бир нече саясий толкундоолор болду. Ушундай абал кайра кайталанбашы үчүн мамлекет башчысы, бардык мамлекеттик органдар абдан эле аракет кылып жатышат.

Мурда шайлоо комиссиялары мыйзам бузуулар менен өздөрү эле кала беришчү, мамлекеттик органдардын мыйзам бузууларды иликтеп чара көрүүгө катышуусу аз эле. Мисалы, өткөн жылдагы октябрь айындагы шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 600дөн ашуун кайрылууларды тиешелүү укук коргоо органдарына чара көрүү үчүн жөнөткөн. Алардын 10 пайызына гана тиешелүү жооптор берилип, чечимдер чыккан. Калгандары каралбай кала берген.

Азыр да административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана добушту сатып алуу көйгөйү кала берүүдө. Добушту сатып алууну далилдеп, ага корутунду чыгаруу да оңой эмес. Себеби шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына бардыгы эле кире бербейт, мисалы, фото, видеодон тышкары акчаны кайсы жерден кантип бергенин далилдөө сурамжылоону, дагы башка изилдөөлөрдү талап кылган процесс. Ошон үчүн мындайда дароо чара көрүү бир эле шайлоо комиссиясына тиешелүү иш эмес. Ошон үчүн укук коргоо органдарынын иши — корутундусу, көрсөтмөсү, далилдери, эксперттик бүтүмдөрү керек. Бирок ачык көрүнүп турган иштер боюнча тиешелүү мыйзамдуу чечимдерди кабыл алууда шайлоо комиссияларынын эрки толук жетет.

Шайлоо мыйзамдарында сотко берүү мөөнөтү кайра калыбына келтирилбейт. Таза шайлоо өткөзөлү деген саясий эрк болуп, ошого жараша мыйзамдар жазылып, жарлыктар чыкты. Ошолорго жараша Боршайком иштерин жүргүзүп жатат. Соттун чечимдери бардык тараптар үчүн, анын ичинде Боршайком тарабынан да аткарылууга жатат. Ошон үчүн соттон утуп келген талапкерди Боршайком каттоого чечим кабыл алды.

Ал эми автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсүнө эч ким кийлигише албайт. Ал автоматтык түрдө иштеп, борбордук серверге маалымат берип, андан кайра чагылдырылып турат. Бул байланышсыз, адам аралашпай турган процесс. Аз мурда Ысык-Ата районундагы бир участокто жаңы программаны тестирлөөдөн өткөрүлдү. Аздан соң Ош облусунун Кара-Суу районундагы бир участокто шайлоо процессинин катышуучулары үчүн тестирлөө өткөрүлөт. Жакында талапкерлерге, саясий партиялардын жетекчилерине да тестирлөөнү көрсөтүү планы бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине келип түшкөн маалыматтарга адамдын кийлигишүүсү такыр болбойт. Автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын маалыматтары алдын ала чыгарылган маалымат болуп эсептелет. Андан кийин шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулардын катышуусунда кол менен санаган соң, протокол түзүлөт. Автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсү боюнча эч кандай шек болбошу керек. Анын кандай иштей тургандыгын тестирлөөдө бардык маалымат каражаттары чагылдырып жатышат.

Мурда каражаттын жетишсиздигинен жана бийликке кошомат кылгандыктан административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу болуп келген. Мисалы, акимдер, айыл өкмөтү же бир ишкананын жетекчиси кол алдында иштегендерди өздөрү каалагандай колдонууга аракет кылган фактылар болуп келген. Мисалы, азыр бир айыл өкмөтүнүн башчысы ушундай иш кылгандыгы үчун кызматынан алынууда. Ушундай иш-аракеттердин жасалып жаткандыгы башкаларга сабак болушу керек. Азыркы шайлоо менен мурдагы шайлоолорду салыштырып жатып, көп өзгөрүүлөрдү байкоого болот. Элдин да саясий маданияты өстү, мисалы, азыр бизге кайрылууларда азыркы мыйзамдардан шилтеме келтирип жазып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан азыр 29 өлкөдөн 300гө жакын чет элдик байкоочулар расмий каттоодон өтүштү. Азыр дагы байкоо жүргүзүү боюнча кайрылуулар келип жатат. Азыркы кезде биздин шайлоочулардын бир бөлүгү сыртта жүрүшөт. Россияда көпчүлүк жарандарыбыз жашап, иштеп жатышат. Өткөн шайлоодо чет өлкөлөрдө 48 добуш берүүчү жайлар уюштурулган болсо, азыркы убакта 59 жайда добуш берүү участоктору уюшулду. Алардын 10у биринчи жолу ачылды. Мисалы, Россиянын Казань, Краснодар, Томск, Хабаровск шаарларында биринчи жолу ачылды. АКШда Нью-Йоркто жана Чикагодо, Түркияда Антальяда да ачылды. Италияда, Венгрияда буга чейин жок эле, эми ачылды. Бардыгы болуп Россияда 21 шайлоо участогу ачылды, алардын 6 Москвада. Эсиңиздерде болсо, мурда Москвада бир эле участок бар эле.

Быйылкы шайлоо кампаниясына чет элдеги мекендештер да абдан кызыгып жатышат. Мурда чет өлкөдөгү шайлоо участокторуна каттоого турган 28 миң эле мекендешибиз бар эле, бүгүнкү күндө акыркы тизме боюнча чет өлкөлөрдө жашаган 84 миңден ашык мекендешибиз шайлоочулардын тизмесине киргизилди. Бул демек, алардын да кызыгуусу жогору экендигин көрсөтүп турат.

Социалдык тармактын кызматкерлери мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн жашаган жери боюнча талапкерлердин жолугушууларына катышып, программасын укса болот. Буга шайлоочу катары укугу бар, бирок социалдык тармактын кызматкерлерин шайлоонун үгүт материалдарын тараткан агитатор, ишенимдүү адам катары талапкерлер, саясий партиялар колдонбошу керек. Айылда мисалы, маданият үйүнүн жетекчиси же кызматкери болсо, ал дагы шайлоочу да. Талапкердин, саясий партиянын программасын угуп, жыйынга катышып өз чечимдерин кабыл алууга алардын укуктары бар.

Шайлоочулардын алгачкы тизмеси жарыяланганда 3 млн. 686 миң шайлочу болгон. Эми акыркы тизме боюнча 3 млн. 703 миң 536 шайлоочу бар. Буга чейин белгилүү болгондой, эки тизме болот: бирдиктүү шайлоо округу боюнча түзүлгөн тизме өзүнчө, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча түзүлгөн тизме өзүнчө болуп, экөө бир аз айырмаланышы мүмкүн. Себеби, бир мандаттуу шайлоо округдарында шайлоого 90 күн калганга чейин каттоого турган шайлоочулардын тизмеси болуп эсептелет. Ал эми бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 12-ноябрга чейинки ички, тышкы миграциянын эсебинен шайлоочулардын тизмеси өзгөрүшү мүмкүн.

Эң негизгиси, бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар ар бир шайлоо участокторунда бар. Шайлоого добуш берүүчү кабиналарда да ошондой маалыматтар бар буклеттер коюлат. Ошондуктан талапкерлер, саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлер тууралуу маалыматар жетиштүү.

Алгач шайлоочу участокко келип, идентификациялоодон өткөндөн кийин, ага эки чек берилет: биринчиси бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетень алыш үчүн, экинчиси бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бюллетень алуу үчүн. Ал чектерди тиешелүү шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берип, эки тизмеге кол коюп, эки бюллетень алат.

Биринчи бюллетень бир мандаттуу шайлоо округу боюнча классикалык эле бюллетень болот, ал жерде ошол округдагы расмий каттоодон өткөн талапкерлер чүчү кулак кармоо аркылуу бюллетенге киргизилген талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы көрсөтүлөт. Оң жагында бош чарчылар болот, ал жерде бир гана чарчыга белги коюлуш керек. Эгерде бирден ашык белги коюлуп калса, шайлоо бюллетени жараксыз болуп калат. Такыр белги коюлбаган бюллетень да жараксыз болуп калат.

Ал эми экинчи шайлоо бюллетени бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоочу бюллетень. Бул шайлоо округу боюнча бюллетень беркиден өзгөчөлөнүп, эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө каттоодон өткөн 21 саясий партия чүчү кулак аркылуу аныкталган тартипте жайгашкан. Шайлоочу сөзсүз түрдө бир саясий партияны тандаш керек, эгер саясий партия үчүн бирден ашык белги коюлуп, же такыр белги коюлбаса, бюллетень жараксыз болуп калат. Ошол эле шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө  алты катарда жайгаштырылган 54 номер коюлган бош чарчылар бар. Бош чарчылар бул саясий партиялардын тизмеси аркылуу каттоодон өткөн талапкерлердин катар номери. Мисалы, сиз өзүңүз тандаган партия үчүн белги койдуңуз, андан кийин 11 номердеги бош чарчыга белги койсоңуз, анда сиз өзүңүз тандаган партиянын 11 катарында турган талапкер үчүн добуш берген болосуз. Бирден ашык чарчыга белги коюлса, мындай бюллетень жараксыз болуп калат. Эгерде саясий партия үчүн белги коюп, бирок талапкер үчүн белги койбой калсаңыз, анда мындай бюллетень жарактуу болуп, белги саясий партиянын эсебине кетет.