Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-ноябрда саат 06:49да катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Нура жана Кара-Киндик айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.